whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
12.11.2025
8.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүПрезидент Садыр Жапаров: “Берекет банк” – жеке инвестициялык долбоор, мамлекетке зыяны эмес,...

Президент Садыр Жапаров: “Берекет банк” – жеке инвестициялык долбоор, мамлекетке зыяны эмес, пайдасы тийет

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде жаңы ачылган “Берекет банк” тууралуу комментарий берип, бул долбоор дүйнөгө белгилүү Binance компаниясынын ээси Чанпен Чжаонун сунушу менен ишке ашканын билдирди. Мамлекет башчы белгилегендей, бул — жеке бизнес долбоор, мамлекетке эч кандай тиешеси жок, тескерисинче өлкөгө ири көлөмдөгү инвестиция тартууга өбөлгө болот.

Президенттин айтымында, банк ачуунун идеясы ушул жылдын май айында Чанпен Чжао Кыргызстанга келген учурда айтылган. Башында мамлекеттик банк катары түзүү сунушталган, бирок инвестор жеке форматта иштөөнү тандаган.

“Марат Султановду уюштуруу иштерин жүргүзүү үчүн чакыргам. Binance компаниясынын жетекчиси Чанпен Чжао менен Марат Султанов Нурдөөлөттү да негиздөөчүлөрдүн катарына кошууну сунушташты. Мамлекетке тиешеси жок болгондуктан уруксат бердим. Балам тажрыйба топтосун дедим”, — деди Президент.

Садыр Жапаров белгилегендей, “Берекет банк” кадимки банктар сыяктуу эле иш жүргүзөт, бирок негизинен виртуалдык активдер жана санарип валюталар менен иштөөгө басым жасайт.

Мамлекет башчы белгилегендей, бул долбоор аркылуу Кыргызстанга миллиарддаган инвестициялар тартылары күтүлүүдө.

“Бул аракеттен мамлекет жана эл  пайда ганакөрөт. Кирешесин эл менен бөлүшүп, социалдык долбоорлорду колдойт. Эң башкысы — бул өлкөгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, — деди Президент.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар