whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.04.2025
19.7 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЭне тил жөнүндө эмне билесиң?

Эне тил жөнүндө эмне билесиң?

Адистер тил жоголбой, өркүндөп-өсүшү үчүн ал тилде 100 миңден кем эмес адам сүйлөш керек дешет. Эгер улут өз эне тилинде сүйлөбөсө аны өнүктүрүп, жайылтууга аракет жасабаса, анда тил жоголуп кетиши толук ыктымал. Анда кеп кезеги тил, кыргыз тили тууралуу болсун.

Мамлекеттик тил макамына 36 жыл

1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан кийин кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.

Мамлекеттик тил – иш кагаздарын жана сот иштерин алып барууда, жалпы билим берүүчү орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында милдеттүү колдонулуучу тил.

2023-жылы 17-июлда президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт.

Мындан тышкары, шайлоо, референдумга даярдык, аны өткөрүү, соттук өндүрүштөр, сот жараяндары, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын иши кыргыз тилинде болот. Эл аралык келишимдерди түзүү, ченемдик актыларды иштеп чыгуу, документтерди жүргүзүү, менчик жана мамлекеттик мекемелердин аталыштары, география-лык аталыштар, товардык белгилер, фирма, компаниялардын аталыштары да мамлекеттик тилде болушу кажет.

Мыйзамдын 32-беренесине ылайык депутаттар, Улуттук банктын, күч органдарынын кызматкерлери, соттор, прокурорлор, адвокаттар, нотариустар, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, дарыгерлер жана башкалар кыргыз тилин билүүгө милдеттүү.

Эне тилин унуткандар

Чырмалышкан иштин да чатышы бар,
Чындыктын да чыгышы, батышы бар.
Чытырмандын Кудайы пил эле эмес,
Чымындын да жашоого акысы бар.

Сайдын дагы башталган башаты бар,
Саяпкердин сактаган такасы бар.
Өрөөндөгү кенедей өзөндүн да,
Өз тилинде чардаган бакасы бар.

“Кыргызмын” дейсиң мага,
Кыйшактап бийлеп туруп,
“Кыргызмын” дейсиң мага,
Кыргызча араң сүйлөп туруп.

Кыргыз эмес кыргызды жыдыткандар,
Кылым кезген тарыхын унуткандар,
Кыргыз эмес кыйшайтып калпак кийип,
Кадыр-баркын калкынын куруткандар!

Тил жоголбойт,
Жоголсо, жоголот дил,
Уулуң дагы, кызың да жоголот, бил!
Тил жоголбойт, жоголсо айланасың,
Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!

Калдайгандын баары эле канат эмес,
Кабыландын баары эле Манас эмес.
Калкын чанган, калкынын тилин чанган,
Кан болсо да кыргыздын баласы эмес.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

“Жалдырап тиктейт “молодой”

Ишке жөнөп калдым. Алдыда болжол менен 6-7-класс окуп калган эки окуучу бара жаткан. Бири экинчисине:

– Жанагы “13 жашар баланын арманы” деген ырды уктуң беле?

– Ооба, уккам.

– Ошол ыр кыргызча ырдалып келип эле бир жеринде эмнеге “Жалдырап тиктейт “малодой” деп орусчалап кеткен?

– Аа, ал жанагы, армияга жаңы баргандарды “малодой” деп коюшат да. Деддер аларды гонять эткенде алар жалдырашат да. Ошон үчүн “Жалдырап тиктейт малодой” деп ырдап жатат.

– Аа мен ушуга түшүнбөй жүргөм да. Рахмат, досуке!

“Жок инилерим, андай эмес. Моло таш деген адамдын бети, сөлөкөтү чегерилген таш. “Молодой” деген орустун “молодой” деген сөзү эмес, кыргыздын “моло таштай, молодой” деген эле сөзү” деп түшүндүргүм келди. Бирок, өмүрү илгерки ата-бабаларыбыз дан бастырган моло ташты, миңдеген жылдык тарыхыбызды эске салып турган моло эстеликтерди көрбөгөн балдарга аны кантип жеткиликтүү түшүндүрөрүмдү билбей жолумду уладым. Автобуста бара жатып “Кийин балдарыбыз, неберелерибиз кыргызчага түшүнбөй, молодой жалдырап туруп берсе канттик?” деп ичтен сыздым. 

Каптырга

Орозодо жээнибизди келинчеги менен ооз ачарга чакырып калдык. Сөздөн сөз чыгып отуруп кыргыз тилинин азыркы абалына, көөнө сөздөргө өттүк. Кийинки жаштар кыргызчага анча түшүнбөй баштаганын айтып калдым эле жээним капыстан ашканага баш багып калган уулума карап:

– Бекзат, “каптырга” деген эмне? – деп сурап калды.

– Билбейм, ал эмне? – деди уулум таңыркай. Кызыгы каптырганы уулум эле эмес, жээним экөөбүздүн жубайларыбыз да билбейт экен.

– А ичмек эмне экенин билесиңби? – деп уулума экинчи суроону мен узаттым.

– Аа, ал ичимдик эмеспи? – деди уулум. Биз дуу каткырдык. Уулум уялып кетти.

– А тердикти билесиңби Бекзат? – деди жээним.

– Билем, ал атка ээр токуур алдында аттын жонуна салынат.

– Ии, ошол тердиктин астына биринчи ичмек салынат, андан соң тердик, тердиктен кийин каптырга салынып, анан ээр токулат.

– Аа эстедим, айылдан таятам ат токуп жатканда көргөм, – деди уулум сүйүнүп.

– Аа жанагы тердиктин үстүнө коюлчу, чокойдой болгон капкатуу эки эме беле “каптырга” деген, – деди келинчегим сөзгө аралашып.

-Апа, а “чокой” деген эмне?

Жээним экөөбүз бири-бирибизди карап, күнөө өзүбүздө экенин айттырбай түшүндүк.

 

Эл уулдары эмне дейт?

Тил – бул, маданият башаты, маданият булагы. Ошондуктан тилди өрчүтүү, асыроо, багуу ар бир адамдын мойнундагы асыл милдет.

Түгөлбай Сыдыкбеков

“Элдин түбөлүктүүлүгү анын тилинде”

Чыңгыз Айтматов

“Ар бир улут өзүнүн энчилүү тили болбой улут боло албайт.

Ишенаалы Арабаев

“Кыргыз тили эч кандай тилден кем эмес. Бай тилди пайдалана албаган кай бир котормочулар жана эне тилин жакшы билбеген жазуучулар жана эки тилде жазууга аракет кылгандар лингвистчилердин лексикалык жардылыгы же пайдаланган лексикасын тескери түшүнүп, пайдалангандыгынан деп ойлоймун”.

Аалы Токомбаев

“Кыргыз тили – кыргыз элинин кенчи, ой-сандыгы жана казынасы”

Кусейин Карасаев

“Кыргыз тилинде жыш колдонулган сөздөргө изилдөө жүргүзгөн Улуттук илимдер академиясы 50 миңден ашык кыргыз сөз корунун үч миңге жетпеген сөзү гана такай колдонуларын аныктаган. Андай болсо, кыргызча такыр билбеген адам күнүнө 3 эле (!) сөздөн жаттаса, 3 жылдын ичинде (!) кыргызча сайрап чыгат экен!”

Жыргалбек Турдукожоев, публицист

“Тил жөн гана оозеки колдонуу менен гана чектелип, коом ичинде пикир алышуу куралы катары гана колдонулуп калса, анда мындай тилдин келечеги күмөн. Тил жазуу түрүндө да толугу менен иштеши керек”

Мелис Мураталиев

Акылга салып, аңдай жүр

Дүйнөдө учурда 6809 тирүү тил болсо, Азияда 2200дөй тил бар.

Мунун ичинен 2400 тил жоголуу коркунучунда турган тил деп классификацияланган.

БУУнун расмий 6 тили бар.

Эң байыркы жазма тил биздин заманга чейинки 4500-жылдары жазылган деп эсептелген.

Дүйнөдө ар биринде 50дөй гана адам пикир алышкан 357 тил бар.

Алтай тилдеринин үй-бүлөсү курамына түрк (кыргыз, казак, өзбек, кара калпак, уйгур, түркмөн, татар, башкыр, кумук, карачай, балкар, азербайжан, түрк, гагауз, хакас, тува, алтай, якут, чуваш, шор жана башка), моңгол (моңгол, бурят, калмак жана башка), тунгус-манжу (эвенк, эвен, манжу, нанай, орок жана башка) тилдеринин тобун, корей жана япон тилдерин камтыйт.

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар