Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктары"Орусия менен Украинанын сүйлөшүүсүнө Батыш кийлигишпеши керек"

«Орусия менен Украинанын сүйлөшүүсүнө Батыш кийлигишпеши керек»

Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо Батыш мамлекеттерин Орусия менен Украинанын тынчтык сүйлөшүүлөрүнө тоскоол болбостон, нейтралдуу позиция кармоого чакырды.

Анын айтымында, Батыш мамлекеттеринин көбү согуштун улануусуна кызыкдар болгондуктан, эки өлкөнүн түз сүйлөшүүлөрүнө каршы чыгышууда.

«Германия менен Франция биринчи болуп үн катты. Бирок алардын Москва менен Киевдин жолугушуусуна кандай тиешеси бар? Бул эки мамлекеттин ортосундагы иш», — деди Фицо. Ал ошондой эле Батыш 2022-жылы да тынчтык сүйлөшүүлөрүнө тоскоол болгонун эске салды.

Фицо бул билдирүүнү Владимир Путиндин Киевге 15-майда Түркияда түз сүйлөшүү өткөрүү сунушуна байланыштуу пикирин билдирип жатып жасаган.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар