“Кыргыз темир жолу” ААК Балыкчы–Кочкор багытында курулуп жаткан темир жолго байланыштуу ири курулуш иштерин баштады. Бул иштер 2025-жылдын 1-сентябрына чейин уланат. Атап айтканда, жолдун 39-чакырымынан 42-чакырымына чейинки тилкеде — Кубакы ашуусунун аймагында — бургулоо жана жардыруу иштери жүргүзүлөт.
Ушуга байланыштуу бул бөлүк белгиленген күндөрдө убактылуу жабылып турат. Жол кыймылынын жабылуу тартиби төмөндөгүдөй:
Дүйшөмбү саат 00:30дан — шейшемби 00:30га чейин (24 саат бою жабык);
Шаршемби саат 00:30дан — бейшемби 00:30га чейин;
Жума саат 00:30дан — ишемби 00:30га чейин.
Айдоочулар жана жүргүнчүлөр алдын ала маршрут пландаштырганда бул чектөөлөрдү эске алуулары керек.