КМШ байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы шайлоолорду көзөмөлдөйт

Күн мурун Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев КМШ байкоочулар миссиясынын жетекчиси, КМШнын аткаруу комитетинин биринчи катчысынын орун басары Игорь Петришенко менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоолорду байкоону уюштуруу жана КМШ алкагындагы кызматташтыктын мындан аркы өнүгүү маселелери талкууланды.

Асеин Исаев эл аралык байкоонун маанисин белгилеп, Кыргызстан КМШ жана башка уюмдардын байкоочуларын чакырганын айтты. Ал ошондой эле чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады. Жалпысынан 34 мамлекеттин 89 шаарында 100 шайлоо участогу ачылары күтүлүүдө.

Өз кезегинде Игорь Петришенко Кыргызстанда шайлоолорду уюштурууда жаңы технологияларды колдонуу аркылуу ачыктыкты камсыз кылуудагы жетишкендиктерге жогору баа берди.

Анын айтымында, КМШ миссиясынын курамына 150 байкоочу кирип, алар Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларында иш алып барышат.

Жолугушуунун соңунда тараптар КМШ алкагындагы кызматташтык элдер ортосундагы достук жана коңшулук мамилелерди чыңдоого өбөлгө болорун белгилешти.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз