Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыНью-Делинин борборунда унаа жарылып, каза болгондор болду

Нью-Делинин борборунда унаа жарылып, каза болгондор болду

Дүйшөмбү күнү кечинде Индиянын борбору Нью-Делинин эл көп жүргөн бөлүгүндө унаа жарылып, кеминде 9 адам каза болуп, 20дан ашуун адам жаракат алды.

Окуя метро станциясынын жанында, тарыхый Лал Кила комплекси жайгашкан эски шаар аймагында болгон. Саат 18:40 чамасында светофордо токтоп турган унаа жарылып, анын натыйжасында алты унаа жана үч моторикша күйүп кеткен.

Окуя болгон жерде антитеррордук бөлүмдүн жана полициянын атайын кызматтары иш жүргүзүүдө. Алар бардык версияларды, анын ичинде теракт болушу мүмкүн деген божомолду да карап чыгышууда.

Маалыматка караганда, бул жарылуу Фаридабад шаарында (Харьяна штаты) чоң көлөмдөгү жардыруучу заттар жана курал-жарактар табылганынан бир нече саат өткөн соң болгон. Тергөөчүлөр бул эки окуянын байланышы болушу ыктымал деп эсептешүүдө.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар