whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
21.7 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргызстан Намибияга 130 миң биометрикалык паспорт даярдап жөнөттү

Кыргызстан Намибияга 130 миң биометрикалык паспорт даярдап жөнөттү

Президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Учкун” ачык акционердик коому менен Түштүк Африкадагы Намибия Республикасынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде даярдалган 130 миң даана биометрикалык паспорт аталган өлкөгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, Намибия тарап даярдалган документтердин сапатына жогорку баа берип, ыраазычылыгын билдирген.

10-июнда Намибиянын расмий делегациясы Бишкекке келип, экинчи келишимди түзүү максатында расмий жолугушуу өткөрдү. Ошондой эле делегация башка тармактарда да “Учкун” менен кызматташууга кызыкдар экенин билдиришкен.

Белгилей кетсек, быйыл 31-мартта Каныбек Туманбаев Кыргызстан жакынкы убакта алты чет мамлекеттин паспортторун чыгара баштай турганын билдирген. Ал учурда Гана жана Намибия менен келишимдер түзүлгөнү кабарланган.

Буга чейин Кыргызстан өзүнүн жарандык паспортторун жана ID-карталарын башка мамлекеттердин заводдорунда чыгартып келген. 2023-жылдан баштап бул документтер өлкөнүн “Учкун” басмаканасында даярдала баштаган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар