whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.05.2025
17.4 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомВакунов мектепке кирүү үчүн орус тилинен тест тапшыруу боюнча пикирин айтты

Вакунов мектепке кирүү үчүн орус тилинен тест тапшыруу боюнча пикирин айтты

Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов Орусияда мектеп окуучуларына орус тилинен тест тапшыртуу кадыресе эле көрүнүш жана бул баланын билим деңгээлин, даярдыгын баалоо үчүн зарыл деп эсептейт. Бул пикирин ал Орусиянын мамлекеттик ТАСС агенттигине билдирген.

Элчи орус тили Кыргызстанда расмий тил экенин, андан тышкары бул өлкөдө орус тили көп колдонуларын кошумчалаган.

Белгилүү болгондой, Орусияда орус тилин билбеген балдар мектепке кабыл алынбай турган мыйзам апрелден тартып күчүнө кирди. Ага ылайык, Орусияда мыйзамдуу жүргөн чет өлкөлүк жарандар башталгыч, жалпы жана орто билим алуу үчүн орус тилинен тестирлөөдөн өтсө гана мектепке кирет.

Бала оозеки жана жазуу түрүндө тест тапшырат. Анын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү баланын документин, жугуштуу оорулары жок экенин ырастаган медициналык корутундуну, мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон өткөндүгү тууралуу документти бериши керек. Андан тышкары бала да, анын ата-энеси да Орусияда мыйзамдуу жүргөнүн тактаган документти тапшырышы зарыл.

Бала тесттен өтпөй калса, ага орус тилин үйрөнүү сунушу берилет жана үч ай өткөндөн кийин гана кайра тест тапшыра алат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев 28-мартта Москвада Мамлекеттик думанын депутаты, Агартуу иштери комитетинин төрагасынын орун басары Алена Аршинова менен жолугуп, Кыргызстандын жарандарынын балдарын орус тилинен тест берүүдөн бошотууну сунуштаган эле.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар