Башкы беткеМаанилүүЭлчи РФ аэропортторунда ЕАЭБ жарандары үчүн өзүнчө коридор ачууну сунуштады

Элчи РФ аэропортторунда ЕАЭБ жарандары үчүн өзүнчө коридор ачууну сунуштады

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Мамдуманын Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Леонид Калашников менен миграция маселесин талкуулады. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Маалыматка караганда, алар Кыргызстандын жарандарынын Россияда жүрүүсүнө байланыштуу актуалдуу маселелерге өзгөчө көңүл бурушкан.
«Бөкөнтаев миграция чөйрөсүндө кабыл алынган ченемдик-укуктук актыларда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгекчилери үчүн каралган бардык жеңилдиктерди сактоо жана камсыз кылуу зарылдыгын айтып, муну менен интеграциялык бирикменин максаттарына жетсе болорун белгиледи», — деп айтылат маалыматта.
Элчи ошондой эле миграция жаатында тийиштүү сунуштарды дагы берген.
«Дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы Москванын жана бүткүл Россиянын аймагындагы аэропорттордо, миграциялык борборлордо жана кеңселерде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн өзүнчө өтмөктөрдү жана тейлөө терезелерин ачууну сунуштады», — деди ТИМ.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар