Башкы беткеСаясат жана коомКоомДарыгерлердин кадырын кантип көтөрөбүз?

Дарыгерлердин кадырын кантип көтөрөбүз?

Өткөн жумада Бишкек шаарында дарыгерлерге кол көтөрүлдү. Коомчулукта ак халатчандардын укугун коргоо керектиги тууралуу маселе күндүн темасына айланды.

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев дарыгерлерди сабаган адамдар жазасыз калып жатканына тынчсызданып жатканын фейсбук баракчасына жазды.

“Врачка кол салган бул адам жазасын алыш керек. Бул эмитен эле башкаларга өтө жаман үлгү болуп, дарыгерлерди сабаган адамдар жазасыз калып жатышат. Эгерде биз ар-намысты жана абийирди коргобосок, эң негизгиси медицина кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылбасак, анда медиктерди жоготобуз.

Мен ички иштер министрине, УКМКнын төрагасына кайрылам. Дарыгерге кол салган күнөөлүү адамды мыйзам чегинде жоопко тартуу зарыл», – деп жазды министр.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бардык ооруканаларга видео камера коюу керектигин министрге сунуштаганын социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу маалымдады.

“Дарыгерлерге бир жуманын ичинде эки жолу кол көтөрүү болду. Бул жаман көрүнүш, буга каршы күрөшүү керек. Мен саламаттык сактоо министрине бардык ооруканаларга адамдын жүзүн тааный турган видео камера коюуну сунуштадым. Аны ИИМдин ситуациялык борборуна кошуп, бир нерсе болсо алар дароо реакция кыла тургандай болуусу кажет.

Туура дарыгерлер деле кээде орой мамиле жасашат. Бирок, аларга кол көтөрүүгө эч кимдин акысы жок. Бардык нерсени сүйлөшүү жолу менен чечкен жакшы”, – деп жазды Д. Бекешев.

Ал ак халатчандардын укугун коргоо-го арналган мыйзам долбоору башка мыйзамдардын айынан өтпөй калганын, негизи медицина кызматкерлерине кол көтөргөн адамдарга жазаны күчөтүү зарылдыгын кошумчалаган.

Айрым пикирлер

Биз айрым жарандарга кайрылып, медицина кызматкерлеринин кадыр-баркын кантип көтөрөбүз,  ооруканаларга камера орнотуу медицина кызматкерлеринин коопсуздугун сактап кала алабы, дагы кандай аракеттерди жасоо керек деп суроо салдык.

Мыйзамдарды күчөтүү зарыл

Журналист Элнура Кулуева ар бир ооруканада коопсуздукту караган милиция кызматкерлери болушу керек деген пикирде.

“Баарыбыз эле билгендей ооруканаларда коопсуздук кызматкерлери жок. Менин оюмча, ар бир ооруканада милиция кызматкерлери коопсуздукту карап, дарыгерге ким кирет, коштоп келгендер кайсы жакта күтүп турушу керектигин айтып туруусу кажет.

Канткенде медицина кызматкерлеринин кадыр-баркын жогорулатабыз дегенде мен атайын роликтерди тартуу керектигин, ак халатчандардын укугун коргой турган мыйзамдарды күчөтүү керектигин айтмакмын. Өмүр бою ооруканада иштеп, кийин өздөрү ооруп калгандарды билем. Мына ушундай каармандар тууралуу элге маалыматтарды жеткирүү зарыл. Азыркы министр кол алдындагыларды коргоп калууда чабалдык кылып жатат”, – деди Э. Кулуева.

Медиктердин үмүтү Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевде калды

Үч-Коргон жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Орозбек Муратов Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коомчулукка кайрылып, дарыгерлерге дем, шык берип коюшу керек дейт.

“Акыркы убакта медиктерге иш учурунда кол көтөргөндөр көбөйдү. Телефонго тартып, социалдык тармактарга жүйөөсүз жамандап, кадыр-баркына шек келтирип, ар намысын тепселегендер болуп жатат.

Кол салгандарга жазаны күчөтүп, тосмо арыз жазса дагы жаза алуу жагын күчөтүү керек!  Бул мыйзамдуу жагы.

Экинчиден айлык маяна, жумуш шарттарын оңдоо, камера коюу, атайын коопсуздук кызматтарын кошо тургузуу жактарын караш керек.

Үчүнчүдөн коомго медиктердин канчалык манилүү экенин пропагандалоо, ММКлардан кесиптик аброюн арттыруу керек.

Эң негизгиси Президентибиз Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев коомчулука кайрылуу жасап, медиктерди коргоп дем берип койбосо, жакынкы жылдары кадрдык жетишсиздикке кептелебиз. Мамлекеттик ооруканаларда иштөө кооптуу болуп, медиктер корголбой калды”, – дейт врач О. Муратов.

Ак халатчандар — коом үчүн кымбат жана жоопкерчиликтүү кесиптин ээлери

Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков ооруканаларга видео камераларды орнотуу дарыгерлердин жана бейтаптардын коопсуздугу үчүн маанилүү экендигине токтолду.

“Акыркы күндөрү медицина кызматкерлерине карата зомбулук фактылары коомчулукта чоң тынчсызданууну жаратууда. Ак халатчандар –коом үчүн кымбат жана жоопкерчиликтүү кесиптин ээлери. Алардын кадыр-баркын көтөрүү биринчи кезекте коомдук аң-сезимден башталат. Ошону менен катар мамлекеттик деңгээлде да алардын укугун жана коопсуздугун коргоо боюнча системдүү иштер жүрүшү зарыл.

Биздин депутаттар сунуш кылгандай, оорукана жана медициналык мекемелерге адамдын жүзүн тааный турган видеокамераларды орнотуу идеясы колдоого татыйт. Албетте, мындай система өлкө бюджети үчүн чыгымдуу болушу мүмкүн. Бирок дарыгерлердин жана бейтаптардын коопсуздугу биздин башкы артыкчылыгыбыз болушу керек. Ошондуктан, эң аз дегенде пилоттук негизде бул ыкманы киргизип көрүү туура деп эсептейм. Эгер өзүн актаса, аны кеңири жайылтуу маселесин да кароого болот.

Медицина кызматкерлеринин коопсуздугу жана кадыр-баркы – бул бүтүндөй коомдун ден соолугу менен түз байланышкан маселелердин бири. Аны ар тараптан колдоо жана коргоо – мамлекеттик милдет.

Мындан тышкары, менин жеке сунушум — медицина кызматкерлерине же мугалимдерге кол көтөргөн, зомбулук көрсөткөн адамдарды мамлекеттик же муниципалдык кызматтарда иштөөдөн четтетүү боюнча ченем киргизүү. Бул чара коомдо тартип менен жоопкерчиликке чакырып, ак ниет кызматкерлерди коргоонун дагы бир формасына айланмак”, – деди эл өкүлү.

Чет өлкөлөрдө дарыгерлердин укугу кандай корголгон?

Айрым өлкөлөрдөгү дарыгерлердин укугунун корголушу боюнча мисалдарды карап көрдүк.

Алсак, Израилде дарыгерге кол салуу — бул оор укук бузуучулук болуп эсептелет. Кол салуунун оордугуна жараша айыптуу адам кылмыш жоопкерчилигине тартылып, соттолушу мүмкүн. Ошондой эле, ал жарандык-укуктук жоопкерчиликке тартылып, дарыгерге келтирилген зыян үчүн компенсация төлөөгө милдеттүү болот. Дарыгерге кол көтөргөнү үчүн 2 жылга чейин, оор жаракат келтирсе 20 жылга чейин эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн. Израилдин мыйзамдары дарыгерлерге жана башка медициналык кызматкерлерге алардын кесиптик милдеттерин аткарып жаткан учурда күчөтүлгөн коргоону камсыз кылат

Кытайда дарыгерге кол салгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган, ал зыяндын оордугуна жараша аныкталат. Эгерде атайылап ден соолукка  жеңил зыян келтирилсе (оор жаракаттарсыз), анда 3 жылга чейин эркинен ажыратуу, кыска мөөнөттүү камак же көзөмөл чаралары каралышы мүмкүн. Эгерде оор жаракат келтирилсе, анда 3 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы берилет. Эгерде өзгөчө ырайымсыздык менен же өлүмгө алып келген болсо, анда 10 жылдан жогорку мөөнөткө эркинен ажыратуу, мөөнөтсүз абак жазасы же өлүм жазасы колдонулушу мүмкүн.

АКШда дарыгерге кол салуу үчүн олуттуу жаза каралган, анын ичинде абакка камалуу жана айып пулдар да бар. Жаза кол салуунун оордугуна жараша аныкталат жана жөнөкөй административдик айып пулдан тартып, кылмыш жообуна чейин өзгөрүшү мүмкүн. Эгерде дарыгерге оор залал келтирилсе, анда узак мөөнөттүү, кээде өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы берилиши мүмкүн. Айрым штаттарда медициналык кызматкерлерге кол салуу федералдык кылмыш деп эсептелип, андан да катаал жаза колдонулат.

Дүйнөнү пандемия каптаган 2020-жылы дарыгерлердин баркын билгендей болдук. Арадан 5 жыл өткөндөн кийин ошол оор күндөрдү унутуп, ак халатчандарга кол көтөрө баштаганыбыздын өзү акылсыздык. Ооруп калсак дарыгердин кареги менен тең айланып, ден-соолугубузду калыбына келтирүү үчүн врач эмне десе баарына макул болобуз. Ал эми “Башы оорубагандын Кудай менен иши жок”, – дегендей жай турмушта ак халатчандарга кол көтөргөнүбүз туура эмес. Алардын укугун коргоп, врачтарга кол көтөргөндөргө катаал жазалар колдонула турган мыйзамдар кабыл алынчу күн дагы алыс эместир…

Султанбек АМАНБЕК уулу,
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Где искать спрос

Центральная Азия как рынок для Кыргызстана        Регион перестает быть периферией мировой экономики и все больше функционирует как самостоятельный рынок. Внутрирегиональная торговля растет, производственные связи...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар