26-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Армениядагы расмий сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Улуттук Жыйынынын төрагасы Ален Симонян менен жолугушту.
Маалыматка ылайык, алгач төрагалар тар чөйрөдө баарлашып, анда соң кеңири курамда саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана парламенттер аралык өнөктөштүктү талкуулашты.
Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан Армения менен бардык тармактар боюнча кызматташууга кызыкдар экендигин белгиледи.
Ошондой эле төрага кыргыз тарап Армения менен Азербайжан ортосундагы тынчтык келишимин түзүүгө багытталган аракеттерди кубаттай тургандыгын айтып: “Тиешелүү документке жакынкы аралыкта кол коюлат деп ишенем. Ал эми Кыргызстан 1994-жылдагы Бишкек протоколуна байланышкан тажрыйбасына таянып, эки өлкө ортосундагы сүйлөшүүлөр үчүн аянтча бөлүп берүүгө даярбыз”, – деп кошумчалады.
Баарлашуу маалында соода-экономикалык алакаларды да тереңдетүү сунушу айтылып: “Бул жааттагы мүмкүнчүлүктөрүбүздү толук пайдалана албай келебиз. Кыргызстан соода-логистикалык байланыштарды жакшыртып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар. Айрыкча биздеги ири базарлар армян товарларын Борбордук Азияга жана Кытай рыногуна чыгаруу үчүн негизги платформа боло алат”, – деп белгиледи Нурланбек Тургунбек уулу.
Өз кезегинде Армениянын Улуттук Жыйынынын төрагасы Ален Симонян Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун расмий сапары эки өлкөнүн кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга жардамчы болуп берерине ишенерин билдирип: “Бизди узак жылдарды камтыган тарыхый байланыштар жакындатып турат. Андыктан, парламенттер аралык алакаларды арттыруу аркылуу мамлекеттерибиз ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүбүз керек”, – деди.
Андан тышкары, Армения менен Азербайжан ортосунда тынчтыкты орнотууга байланышкан Бишкек протоколу тууралуу да сөз кылган Ален Симонян аталган тажрыйбаны кайрадан пайдалануу багытындагы сунуштун маанилүү экенине токтолду. Айрыкча кыргыз-тажик чек арасын тактап, чечүүгө байланышкан тажрыйба да жакшы мисал экенин эске салды.
Ошону менен катар алакаларды арттыруу жаатындагы сунуш-пикирлери менен бөлүшкөн Төрага Ален Симонян эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо үчүн Кыргызстандын маданият күндөрүн Арменияда өткөрүү демилгесин көтөрдү.