whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
20.4 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАйыл чарбаКыргызстан органикалык айыл чарбага өтөт

Кыргызстан органикалык айыл чарбага өтөт

Кыргызстан органикалык жер семирткичтерге өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, учурда биздин өлкө минералдык жер семирткичтерге толугу менен көз каранды.

Белгиленгендей, артыкчылыктуу багыт — минералдык жер семирткичтерди колдонууну көбөйтүү эмес, органикалык айыл чарбасына өтүү болуп эсептелет.

Органикалык жер семирткичтер айлана-чөйрө үчүн коопсуз жана зыянсыз болуп эсептелет, ошол эле учурда топурактын түшүмдүүлүгүн калыбына келтирүүгө жана калктын ден соолугуна оң таасир тийгизет.

Алдыдагы жылдары министрлик минералдык жер семирткичтердин импортунун көөлөмүн акырындык менен кыскартып, органикалык жер семирткичтерди жергиликтүү деңгээлде өндүрүүнү өнүктүрүүнү жана дыйкандарды экологиялык жактан таза дыйканчылыкка өтүүгө үндөөнү көздөөдө.

 «Биздин максат – болгону импортту азайтуу эмес, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылган жана экспорттук мүмкүнчүлүктү кеңейтүүчү экологиялык жактан таза, туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү»,-деп айтылат маалыматта.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар