Париждеги Гран-Пале көргөзмө залында атактуу сүрөтчү Анри Матисстин чыгармачылыгына арналган «Матисс. 1941–1954» аттуу чоң көргөзмө ачылды.
Бул көргөзмөдө сүрөтчүнүн өмүрүндөгү эң жемиштүү мезгил камтылып, 300дөн ашуун эмгеги коюлган. Алардын катарына сүрөттөр, графикалык иштер, китептер жана белгилүү гуашь менен жасалган кыюулар кирет. Куратор Клодин Граммон белгилегендей, бул мезгилде Матисс сүрөт тартпай калган деген пикир туура эмес — ал 1941–1954-жылдары 75ке жакын живопис чыгармасын жараткан.
Ошол эле учурда сүрөтчү гуашь кыюу техникасын да активдүү өнүктүрүп, 230дан ашуун эмгек жараткан. Айрыкча улгайган курагында да көп иштеп, чыгармачылыгын улантканы өзгөчө белгиленет.
Көргөзмөдөгү негизги эмгектер:
- «Интерьеры Ванса» сериясы (1946–1948)
- Jazz альбому (1947)
- сүрөттөр жана оригиналдуу макеттер
Көргөзмө сүрөтчүнүн устаканасынын атмосферасын чагылдыруу максатында уюштурулган. Матисс түнкүсүн иштегенди жакшы көргөндүктөн, экспозицияда да ошол өзгөчө маанай берилген.
Айрым эмгектер Центр Помпиду, ошондой эле Museum of Modern Art жана National Gallery of Art сыяктуу белгилүү музейлерден алынган.
Көргөзмө 2026-жылдын 6-июлуна чейин ачык болуп, келгендерге Матисстин белгилүү жана мурда Францияда көрсөтүлбөгөн эмгектерин көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

