whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.04.2025
11.8 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомМөмөлүү дарагың тамырын жая берсин

Мөмөлүү дарагың тамырын жая берсин

2005-жылдын 24-мартында “Жоогазын” революциясы ишке ашып, бийлик алмашты. Жаңы бийлик келген соң мекеме, уюмдарга жаңы жетекчилер дайындала баштады. Өкмөттүк гезит, бир чети улуттук туңгуч гезит “Кыргыз Туусунун” башкы редактору болуп Бакыт Орунбеков дайындалып келди.

Буга чейин Б.Орунбековду “Асаба” гезитинде  иштегенин билген менен бир да жолу бет келип сүйлөшпөптүрбүз. Ал да жамааттан эч кимибизди билбейт окшойт. Жашы боюнча да көбүбүздөн кичүү, кенжебиз болуп чыкты. Алгач ал да “каякка келип калдым” дегендей негизинен улуулардан – ага, эжелерден турган жамааттан сүрдөгөндөй, биз да күтүүсүздөн пайда болгон жаш редакторго таңыркагандай абал бир аз күн өкүм сүргөн.

Жаш редактор кырдаалды бат эле колго алды. Гезитте илгертеден калыптанып калган “летучка”, “планерка” дегендерди өткөрүп, тапшырмаларды батыл бере баштады. Мурда ар кыл гезиттерде иштеп, ыкчам, тез иштөө ыкмасына көнгөн, учурдун күрөө тамырына ылайык жаңылыктарды ылгап, “ысыгында” жана ар тараптуу бергенге бышкан экен. Мурдагыдай бир жактуу жазгандарыбызды жаратпай салды.

Макалада болобу, чакан эле кабарда болобу, эки жээктин пикирин бирдей чагылдыруу, ар түрдүү көз караштарды берүү милдети катуу коюлду. Редактордун тапшырмасы боюнча эл аралык стандарттын ыкмаларын карманып жаза баштадык. Кечээ эле аркы жээк же оппозициячыл дегендерди сындап гана жазсак, бүгүн аларды кепке тартып, маек алып, көз карашын чагылдырып, бир материалда эки жактуу пикирлер камтыла баштады. Ошондо эркин гезиттердей жаза баштаган “Кыргыз Туусу” популярдуу болуп, гезит базарында тез өтүп, тиражы өсө түшкөн эле.

Бакыт Орунбеков гезиттин ишин жолго койгондон кийин аймактардагы окурмандар менен жолугушууларды өткөрүү, гезиттин жаңы саясатын түшүндүрүү, бир эсе гезитке жазылуу ишин алдыга жылдыруу үчүн аймактарды кыдыра баштады.

Жазылуу же жаздыруу дегенде бир нерсени белгилеп коюуга туура келет. Мисалы, жеке менчик гезиттер жазылуу менен анча иши жок. Суроо-талапка жараша каалаган нускада чыгарышат. Өтүмдүү болуш үчүн сенсациялуу, учурда коомдо кызуу талкуу жаратып жаткан окуяларга негизинен басым жасап, эркин жаза беришет. Ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасында “Кыргыз Туусу” гезитинин тагдыры, озуйпасы, артылган милдети башка. Өкмөттүн жасап жаткан иштерин, жүргүзүп жаткан саясатын калың элге жеткирүү. Тээ алгач “Эркин Тоо” болуп биринчи саны жарыкка чыккандан бери эле ушул милдетти кыйшаюсуз аркалап келатат. Ушундан улам аймактарда гезитти жаздыруу иши өкмөттүк гезиттерде бүгүн да көңүл чордонунда турат.

Мына ушундай сапардын бири Нарын облусуна болду. Буга чейин гезиттен бул облуска куратор болгондуктан, редактор менен кошо мен бардым.  Алгач жолугушуу Кочкордо өттү. Залга чогулган эл “Кыргыз Туусуна” карата ойлорун, сындарын тартынбай эле ачык айтышты. Айрыкча “бир жактуу болуп калганыбызды» кайра-кайра баса белгилешти. “Биз эле бара бербей, редактор деле өзү келсе болот турбайбы, мындан ары бат-бат келип, эл менен жолугушуп көйгөйлөрүн угуп тургула, чындыкты жазгыла” деп узатышты. Нарындагы жолугушуу да ушундай маанайда өттү. Ат-Башыда болсо окурмандар “бир үй-бүлөнүн гезитине айланып, ошонун гана камчысын чаап…” дешип, ачуу суроолорду жаадырышып,  редакторду бир топ омуроолошту.

Буга токтолуп жатканымдын себеби Бакыт Орунбеков ошол учурдагы кырдаал ага жол берсе да “мен жаңы келдим, ал мурдагы жетекчинин тушунда болгон да” деп ал сындарды өзүнө жолотпой актанган да, күнөөнү кеткен редакторго оодарып, жамандаган да жок. Чынын айтканда ушул адамдык сапатына баа бердим.
“Ооба,  ошондой болуп калганбыз, эми ал кемчиликтерди жоебуз. Бардык көз караш, пикирлерди беребиз, элдин үнүн бийликке жеткиребиз, эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болобуз” деп ачуу сындарга, ыңгайсыз суроолорго эби менен жооп берип  жатты.

Тилекке каршы, дал ушул “бир жактуу болбойбуз, ар кыл көз карашты, ар түрдүү позицияны беребиз, керек болсо өкмөттүн дарегине да сын айтабыз” деген принципти карманып, гезит ушундай болуш керек деп, ал учурдагы премьер-министрди сындаган макаланы, айрым бир кайрылууларды, ой-пикирлерди гезитке чыгарганы үчүн өйдө жакка жакпай, улам-улам “килемге” чакырып жатышып, акыры Бакытты иштен алышты. Гезиттин жамааты ага каршылык билдирип, Ак үйдүн алдына митингге да чыктык. Ошентип, бир жылдай туңгуч гезиттин башкы редактору болуп иштеп кетти.

Кийин Бакыт Орунбеков “Кыргыз Туусуна” кайра башкы редактор болуп дайындалып, 2010-жылдан 2013-жылга чейин иштеди. Ушул жылдарда 2014-жылы боло турган гезиттин 90 жылдыгына карата санжыралуу, тарыхы бай улуттук туңгуч гезиттин музейин ачабыз деп аракет көрө баштады. Бардыгыбызга тапшырма берилип, билекти түрө кириштик. Тарых музейи менен сүйлөшүп, келишим түзүп, алар чогуу иштешкенге бир кызматкерин дайындашты. Бакыт өзү демөөрчүлөрдү издеп жүрдү, алар да табылды.

Натыйжада музейде гезиттин ар жылдардагы сандары, анын ичинде юбилейлик сандары, ар кайсы мезгилдеги уникалдуу сүрөттөр, китептер, сыя менен жазчу түркүн калемдер, машинкалар, көп жыл мурун иштеп кеткен журналисттердин кесибине тийиштүү өздүк буюмдары ж.б. орун алды. “Кыргыз Туусундагы” басма сөз музейи азыр да көргүсү келгендерге эшиги ачык. Жаш журналисттер үчүн көрсөтмөлүү сабак. Алар узап кеткен алыскы жылдардын же бүтүндөй бир доордун бүктөмүндөгү СССРдеги жана дүйнөдөгү окуялардын чагылдырылышын, эгемендиктин алгачкы жылдарындагы оош-кыйыш кезеңдин баяндалышын, басма сөздүн тарткан жүгүн, кабарчылардын кыйын кезеңдеги иштерин ушул музей аркылуу таанып биле алышат. Ал үчүн Бакыт Орунбековго чоң ыракмат айтса болот.

Негизи эле Бакыт адам катары табиятынан демократ болсо керек деп ойлойм. Калыс, жөнөкөй, адилеттикти сүйгөн, кимдигине карабай жакшы жазганды, жакшы иштегенди баалаган, сыйлаган инсан.

Бакыт Орунбековдун кыргыз журналистикасына кошуп жаткан салымы да өзүнчө сөзгө татыйт. Ондон ашык китептин автору. Алардын ичинде “Журналистиканын эл аралык стандарты” окуу-усулдук колдонмосу, “Журналистика негиздери” окуу китеби, “Бүткүл дүйнөлүк журналистиканын тарыхы” окуу китеби (котормо), “Советтик кыргыз журналистикасы күбөлөрдүн сөзү менен” китеби бар. Мурда студенттер дүйнөлүк журналистиканын тарыхын орус тилинде гана окууга мажбур болушса, эми кыргыз тилинде окуй алышат. Бул айылдан келген жаштар үчүн канчалык жеңилдик! Эгерде кыргыз журналистикасына арналган, дегеле бүгүнкү күндүн болочок журналисттерине кесиптик, аны менен бирге заманбап  билим берүүгө багытталган окуу китептеринин, окуу-усулдарынын өтө аз санда экенин эске алсак, Бакыт Орунбековдун калеминен жаралган китептер алардын катарын татыктуу толуктайт жана байытат деп тартынбай айтсак жарашат. Буга анын эмгекчилдиги, изденгичтиги, убакытты баалаганы пайдубал болуп берип жатканын байкайбыз.

Анын дагы бир жемиши “саясий илимдердин кандидаты” даражасына ээ болушу. Ушу менен эле токтоп калбай, докторлуктун үстүндө да иштеп жатса керек. Албетте, алдыда журналистикага арналган дагы да китептерди жазат деген ойдомун. Анткени көп жылдан бери Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде журналистика бөлүмүндө жаштарга билим берип келатат.

Студенттер кандай окуу китептерине муктаж экенин тереңден билет. Журналистикада, педагогикалык ишмердикте бай тажрыйбасы бар, аны менен бирге илимий изденүүчүлүктү кошо ала жүргөн, кандай учур, кандай кырдаал болбосун карманган адилеттик позициясынан тайбаган Бакыт Орунбековдун алдыда бул тармактарда дагы жемиштүү иштеп, салым кошорунан күмөн жок. Себеби, анын журналистикадагы жана педагогикадагы ишмердигине байкоо салсак, бир эле учурда ар багытта китептерди, олуттуу саясий жана илимий макалаларды жазып, ошол эле убакта жаштарга кесип сырларын үйрөтүп, билим, тажрыйба тартуулап, бардыгын кош сызыктай бирдей алып баратканын көрөбүз. Мунун өзү Бакыт Орунбековдун интеллектин, эмгекчилдик мыкты сапатын айкындайт.

Кечээ эле биздин жаш редакторубуз Бакыт Орунбеков ортодон жылдарды багынтып, бүгүн 60 деген асыл куракка келип калыптыр. Ишенгиң келбейт. Көрсө, жылдар суудай агылып өтсө да, мезгил менен тең адымдап жашаган адамдар баягыдай эле жаш бойдон калат экен.

Бакыбай, кутман курагың кут болсун! Дениң сак, көңүлүң шат, үй-бүлөңдүн кашында өмүрдүн дабандарын билгизбей багынтып, кыялыңда ишке ашырсам деген купуя жакшы тилектериңе жетип, мөмөлүү дарагың тамырын жая берсин!

Бермет МАТКЕРИМОВА,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
журналист

 

 

 

 

Гезит

Рубрикалар

1 ПИКИР

  1. Абдан жакшы баяндалган. Чынында, Бакыт мырза өтө мыкты журналист: эмгекчил, изденгич, көптү билет, сөз багат. Студент кезинен бери баамдаган сапаттарым ушул…

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар