Башкы беткеРубрикаларАйыл чарбаӨндүрүштүк баада. Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт

Өндүрүштүк баада. Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт

Бишкекте 11-12-апрель күндөрү азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарманкелерге жергиликтүү өндүрүүчү, дыйкан жана кол өнөрчүлөр катышып, социалдык маанилүү азык-түлүк товарларын сунушташат.

Жарманке борбор калаадагы Т.Усубалиев атындагы аянтта уюштурулат.

Мындай жарманкелер өлкө аймагында июнь айына чейин өткөрүлөт.

Катышуучулар үчүн талаптар:

  • Сунушталган продукция сапаттуу жана гигиеналык талаптарга жооп бериши керек;
  • Баалар базар баасынан төмөн белгилениши зарыл;
  • Райондук агрардык башкармалыктан тастыктоочу документтин болушу милдеттүү.

Тийиштүү маалымат үчүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине кайрылуу зарыл.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар