Бишкекте Улуттук травматология жана ортопедия борборунун имаратынын курулушуна мезгил кутусу салынды. Жаңы Травматология жана ортопедия борбору – заманбап медициналык комплекс болуп, анын жалпы аянты 34 миң 500 чарчы метрди түзөт. Медициналык борбор беш блоктон турат. Муну менен катар борбордо 11 бөлүм иштеп, алардын ар биринде 40 орун болот. Жалпысынан борбор 440 орунга ылайыкталган.
Аталган борбордун курулушу аяктап, ишке берилсе Кыргызстанга биринчи жолу операция жасай турган роботтор алынып келет. Роботторду коңшу Кытайдан алып келүү пландалууда. “Адам операция жасаганда сөзсүз түрдө 1-2 миллиметр мүчүлүштүк жасайт экен. Роботторду изилдөө учурунда алардын бычак менен иштөөдө туура, так, дыкат жана мүчүлүштүгү жок иш алып барары далилденди. Ал тургай алардын операцияны ыкчам жасары аныкталды. Биз операция жасоонун жол-жобосун компьютерге киргизебиз да, ал жактан аларды башкарып, көзөмөлгө алып турабыз. Адамдын аң-сезими менен эле иш алып барышат”, – дейт КММАнын Травматология, ортопедия жана экстремалдык хирургия кафедрасынын башчысы Сабырбек Жумабеков.
Мындан сырткары, оорукананын курулушу менен санитардык тез жардам тик учактары да каралган. Травматологдун айтымында, Ош – Бишкек, Нарын – Торугарт сыяктуу опурталдуу жолдордо бейтапты алып келүү алардын ден солугунун ого бетер начарлашына алып келип жатат. Көбү ооруканага жетпей каза да болуп калып жатышат. Ошондуктан, санитардык тез жардам тик учактары абдан керек. Учурда өлкөдө санитардык тез жардам тик учактары жок. Абдан зарыл болгон кезде бейтапты ӨКМдин тик учагы менен алып келишет. Бирок, ал тик учактар санитардык нормаларга жооп бербейт. “Бул көйгөйлөрдү эске алуу менен өлкө башчысы долбоорго санитардык тез жардам тик учактарын да киргизип жатат. Буюрса, бул тик учактар менен бейтапты өлкөнүн кайсы бурчунан болбосун бир саатта алып келүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Учуп келген тик учак борбордун чатырына конуп, бейтаптар дароо эле түз ошол жактан операцияга же текшерүүгө киргизилет”, – деди С.Жумабеков.
А.АКИМБАЕВА