whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
22.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарАк-Музда өскөн алмалар

Ак-Музда өскөн алмалар

Жакында кичи мекеним Ат-Башы районунун Ак-Муз айылына барып калдым. Аты эле айтып тургандай, тоолору ак кар, көк муз жамынган айыл. Буга чейин социалдык тармактардан эзели мөмөлүү дарак өспөгөн бул айылда бир аксакал алма өстүрүп, түшүм алганын көзүм чалып калган. Сураштырсам ал киши айыл тургуну, кезинде тракторист, малчы болуп эмгектенген Жунус Жекшенов деген аксакал экен. Атайын издеп барып, жүзүнөн нур таамп турган каарманыбыз менен баарлаштык. Аба ырайы «беш ай бейиш, жети ай кейиш» болгон айыл шартына карабай, дайыма эли жайдары жашаган Ак-Муз айылынын аксакалы алманын чоо-жайын мындайча баяндап берди. 

«Алма апабыздан калган эмгек»

— Алма тигүү ойдо жок жерден болду. Менин раматылык апам  Алмабүбү 2005-жылы алма жеп отуруп, үч-төрт данегин гүлдүн челегине сайып коюптур. Үч жылда ал бир карыштай өсүп калды. 2008-жылы апабыз кайтыш болду. Жылдан жылга узарып бара жатканынан энебизден калган көчөт деп үч түп көчөттү сыртка отургузуп койдук. Анча-мынча сугарып жүрүп сырттан дагы эки-үч карыштай өстү. Кийинки жылы кошунабыз Турдаалы аке корук тургузуп, балдары байкабай экөөнү тебелеп коюшуптур. Аман калган бирөөсүн көчө тарапка көчүрүп койдум. Агезде бул алма берет деген ой да жок болчу. Кийин кичине көрк болсун деп алманын тегерегине тоодон жапайы арча, четин, карагат, карагайдын көчөттөрүнөн алып келип тиккем. Ошентип баягы алма өсүп отуруп 2020-жылы аябай гүлдөдү. Аны көргөндөр “Муну кыйыштырбасаң болбойт, өрүк менен же башка мөмө берүүчү дарак менен кыйыштыр” дешти. Кыйыштырганды билбегендиктен, анын үстүнө түшүмүнө да анчейин кызыкпагандыктан кыйыштырган жокмун. Ал жылы гүлдөрү толук күбүлүп түшүп калды. Кийинки жылы дагы гүлдөп беш-алты мөмө байлады. Жетилгенде жеп көрсөк жапайы алма бактардагы алмалардай кычкыл экен. 2022-жылы дагы гүлдөп, анын баарын үшүк уруп кетти. Анан былтыр кайра аябай гүлдөдү. Бир күнү балдар “Ата, алмабыз быйыл жакшы мөмөлөптүр” деп калышты. Ошентип күзүндө баягы алмалар чоң-чоң алма болуп, жакшы бышты. Алтымыштай алма алдык. Жесек даамы кыйла жакшырыптыр. Балам интернетке чыгарып койгон экен айылдыктардын көбү келип алманы көрүп кетип жатышты. Пенде экенбиз, эми алмабыз көбүрөөк байласа экен деп калдык. Быйыл алма этегине чейин жакшы гүлдөдү. Кандай түшүм берери  азырынча белгисиз. Үшүк жүрбөсө жакшы эле болор деп турабыз.

“Кыйыштыруу кыялымда бар”

— Былтыр Түркиядагы балам чакырып ал жакка барып келдим. Бир түрк карыя кыйыштырганды үйрөткөн. Эки жылдан бери ошого чыгынбай жүрөм. Буюрса, келерки жылдан алманы өрүк менен кыйыштырып көрсөмбү деген тилек бар. Бир жылы сыртка өрүктүн данектери төгүлгөн жерден өрүктөр өсүп чыгыптыр. Билбестик кылып аларды үшүтүп алдык. Бир-эки жыл идишке өстүргөндө андан ары өсүп кетмек окшойт. Себеби, Ак-Музда Ормон деген кишинин өрүгү бар. Ал да азыр мөмө берип жатыптыр. Чынын айтыш керек, биз жалкообуз. Аракет кылып өстүрсө бизде көп эле нерсе өссө керек. Мөмөлүү дарак деле акырындап климатка ылайыкташат окшойт. Биз муну кышкысын жылуулаган деле жокпуз. Кызыгы, алмалар күңгөй тарабына байлап, тескей тарабына байлаган жок. Баса, былтыр бир кызыктай окуя болду. Бир кошунабыздын колуктусу келип, мени чакыртып калды. Чыксам эле баласын “Жунус акеге айт эмне кылганыңды!” деп тилдеп жатат. Көрсө, баласы башка балдардын азгырыгына кирип караңгыда биздин алмага ууруга кириптир. Жаман адатка көнүп кетпесин деген келин уулун мага алып келиптир. “Кой, баланы урушпа. Күндүз келсең өзүм эле бакка чыгарып, бышкандарынан тердиртем. Мындан ары ууру кылбай жүр,
уурулук жакшылыкка алып барбайт. Эмне болсо да ачык эле сурап жүр”, – деп эне-баланы узаттым. Ошондо өзүмдүн бала кездегим эсиме түштү. Бир жылы Сокулуктагы Шахридин деген агабыздыкына барып калдык. Бир жерде алма бактар көп экен. Андайды көрбөгөн жаныбыз кечинде ууруга кирип, кароолчусуна кармалып калдык. Кароолчу биздин Ат-Башыдан экенибизди уккан соң алма бактын алмалары жакшы бышкан жерине алып барып каалашыбызча тердиртти эле.

Тракторист, малчы, калемгер

— Жунус аксакал менен маектешип отуруп дасторкон үстүндөгү идиштеги куурулган жүгөрү, буудай, буурчак, жер жаңгак аралашмасына көзүм түштү. Кызыгып сурасам ал тууралуу да кеп салып берди. “Жана айтканымдай, бир балам бул жакта жети жыл түрк лицейинен окуп, кийин Түркияга кеткен. 2021-жылы Түркиядагы уул-келинибизге баргам. Түрк туугандар илгерки биздин ата-бабалар буудайды бадырак кылып жегендей, жүгөрү, буудай, жер жаңгак, буурчакты ушинтип өз-өзүнчө кууруп, аралаштырып туруп дасторконго коюп коюшат экен. Баламдын кошунасыныкынан муну аз-маз жеп калдым эле. Быйыл уул-келин бир жумага келип кетишти. Түркиядагы кошунасы муну мага атайы берип жибериптир. Уул-келинди Кыргызстанга алып келсек бул жакка көнө албай кайра кетип калышты. 15 жылдан бери ошол жакта жашап жатышат”,-дейт Жунус аксакал.

Балалык өмүр кымбаты

Жамгыр жааса “тарс-турс” этип чагылган,
Жердин жүзү сүйкүмдөнүп жаңырган.
Жаңы өткүндүн шүүдүрүмүн аралап,
Жүрөөр элек гүлдөр терип адырдан.

“Тегирмен” деп арык казып, суу буруп,
Таштан тизип “кең бөлмөлүү үй” куруп.
Кыйкымдашып кээ учурда мушташып,
Кучакташып калар элек бир туруп.

Чыбык минип дердең-дердең жүгүрүп,
Жедеп чарчап бүтсөк дагы күйүгүп.
Кудум эле азоо минип жүргөнсүп,
“Так” деп коюп, кээде таптак түйүлүп.

Бул турмушка бир келесиң жаралып,
Ой жүгүртсөң арт жагына каранып.
Жазда ачылып жадыраган гүл сымал,
Жашооңдогу кымбат мезгил балалык.

Калайынчы жашарып

Караанын үзүп балалык,
Калганда чачым агарып,
Кайрылып койчу, карындаш,
Калайын бир аз жашарып.

***

Туура эмес болор тайсалдаш,
Турмушта баары аралаш.
Талыкшып суусап турганда,
Таалайга бүткөн кара каш.
Тартуулайм ушул ырымды,
Тамаша-чыны аралаш.

75 жаштын ашын ичип жаткан каарманыбыз өмүрлүк жубайы Бурулсун апа менен беш уул, үч кыздын атасы болуп, учурда жыйырмадан ашык неберенин чоң ата, чоң энеси, таята, таенеси болуптур. Кезинде трактор айдап, колхоздун малын баккан Жунус Жекшенов 2023-жылы тээ 1967-жылдан берки жазып келе жаткан ырларын топтоп, “Максатым” деген ырлар жыйнагын чыгарыптыр. Аксакал кезинде Ат-Башы райондук, Нарын шаардык, бир нече жолу Ак-Муз айылдык кеңештерине депутат болгонун да айтып отурду. Жаш кезинде лирикалык ырларды көп жазган каарманыбыз кийин турмуш, өмүр жана диний темаларда ыр жазыптыр.


Мелис СОВЕТ уулу,
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар