Индонезияда жер титиреп, курмандыктар болду

Индонезияда Тернате аралынын жээгинде 7,4 магнитудасы менен катуу жер титирөө катталды. Алгач регионго цунами коркунучу жарыяланган, бирок кийин ал токтотулду. Жер титирөөдө азырынча бир адам каза болгону айтылууда. Ошондой эле жаракат алгандар бар.

АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына караганда, эпицентр Тернатеден 127 км батыш-түндүк-батышта жайгашкан жана очогу 35 км тереңдикте болгон. Башында толкундардын күчү жогору бааланган, бирок кийин такталып, 7,4 магнитудага жеткен. Кырсыктын кесепетинен Тернате шаарында бир нече имараттар – үйлөр, чиркөө жана спорт комплекси жабыркаган. Куткаруучулар жана жергиликтүү бийлик зыянды баалоо иштерин улантууда.

Индонезия Тынч океандагы “Өрттүк тилке” зонасында жайгашкандыктан, күчтүү жер титирөөлөргө көп кабылышат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз