whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
31.1 C
Бишкек

Арстанбектин арманы

(Башталышы өткөн сандарда)

Колунда комузу жок болсо да, акын тилинин учунда турган бир сабак ырды Пазилаттын кулагына “аппагым” деп эркелете шыбырады:

Ак элечек аппагым,
Адамда сендей таппадым,
Айланып кайра көрсөм деп
Азапка нечен  баткамын.
Көк оромол аппагым,
Көп издеп сендей таппадым,
Кайрылып сени көрсөм деп,
Көп азапка баткамын.
Сары  оромол аппагым,
Сабылсам сендей таппадым
Анжиян, арка кыдырып,
Мен сени
Аңдоосуз жерде тапкамын.
Эгерим эстен чыкпайт го
Сенин Пача-Ата бойлой басканың.

Шыбырын бүтүп, Пазилаттын саамай чачынан  кайра-кайра жыттады, айдай болгон ак бетинен акырын сүйдү. Пазилат да байкатпай Арстанбектин оозуна жүзүн буруп, бойтойгон эрдин Арстандын бетине билинээр-билинбес тийгизгендей болду. Ошол бойдон экөө үн-сөзсүз катып тура беришти. Кээде айта турган сөз ушунчалык көп болгондуктан, адам баласы кеп таппай, какалып калган учурлар болот го… Арстан менен Пазилат ошондой акыбалда турушту.  Канча убакыт өткөнү белгисиз, бир маалда чочуп кеткендей, Пазилат турган жеринен селт этип,  колун Арстанбектин колунан бошотуп:

– Мен куруюн, кетейин, издеп калышпасын! Жеңем артыман  дайыма аңдып жүрөт… – Башын көтөрүп, Арстанды жакшылап көрүп алайынчы, ушул көргөнүмдү түбөлүк эстеп калайынчы дегендей бакырайган сурмалуу көздөрүн улам-улам бардап, кайра-кайра карап алды. – Арстанбек, Арстаным…  – Бул сөздү нечен жолу ичинен кайталаса керек, бирок биринчи жолу угуза айтып жатты кыз.

Пазилат башын Арстанбектин көкүрөгүнө жөлөдү. Эки колу Арстандын ийнинде эле.

– Кайыр кош эми, булбулум… Эмнеге гана келдиң экен аркадан бул жакка. – Дагы Арстанбекке тигиле карап, көзүн бардап–бардап  алды. Колу менен Арстанбектин чыканагын катуу–катуу кармап:  – Жаралуу кылдың го мени өмүр бою… Мен кантем эми? Пазилаттын көзүнөн бурчак-бурчак жаш кетти.  Артка кетенчиктеп, кете турган болду.

– Ме, бул менден эстелик сага, Арстанбек. – Кемселинин ичине  каткан шайы жоо-лукту сууруп чыгып, Арстанбектин колуна карматты. – Эстей жүр мени. Качан мени унутканда отко салып, өрттөп жибер… Макулбу?..

Пазилатты узагыраак кармаганга эч болбой турганын Арстанбек сезип-билип турду. Улам-улам саамайынан жыттагылап:

– Кайыр эмесе, Пазилатым. Кудайга аманат… Дагы бир арылбай турган арманым болдуң го… Кош эми…

Пазилаттын бурчактаган  көз жашы аппак бетин суулап, мөлт-мөлт кулап жатты. Арстанбек да куюлган жашын тыйганга аракетин жасабады.

Кетип баратып эки-үч жолу кылчая карады Пазилат. Колундагы ак шайы жоолугун улам-улам булгап, кыраңдан ары бурулду. Арстанбектин жаш чайыган карегинде узап бараткан кыздын кол булгаган кебетеси мунарыктанып барып, анан биротоло өчтү…

Баарына акылы жетик Арстанбек ушу азыр колунда Алымбек датканыкындай бийлиги болсо да, бул периштени Теңир-Тоону жердеген, Эки Нарын менен Жуукуну байырлаган  тынымсейит туугандарына алып кете албасына ичи ачышса да көзү жетип турду…

Жашынбай барып жанына,
Жазганбай жакын барууга,
Жараткан таала кудурет
Жазбаптыр менин багыма,– деди ичинен Арстанбек.

Ойлогон ою миң мертебе туура экенине кийин Кошмат аркылуу Пазилат сулууга салам дуба айттырганда дагы бир жолу толук ишенди, бышыкталды. “Аркалык акынды көргөндө эле жактыргамын, ошондон бери бир тыным да оюман чыга элек” дептир Пазилат. Аны укканда акындын жүрөгү ого бетер эзилди.  “Арстан менен жердин жети түбүнө да кетээр элем, атам-энемдин убалын кантем, батаны кантип бузам?” дептир баа деп ыйлап ийчүдөй  көзү жашылданган Аулетимдин ак куусу… “Атка өңөрүп алып алып кете бере турган көгөөндөгү улак болбосом, бөктөрүнчөккө бөктөрүп алып кете турган жетим кыз болбосом…” “Сүйөм…” дептир. Акыркы жолкусунда айтып кой Арстанбекке, бу дүйнө бизге  буюрбаса, акырет дүйнөдө табышаарбыз дептир… Ыйлады дейт шолоктоп.

Аксынын кызы Пазилат,
Канткенде көөнүм жазылат,
Кадырга жетээр карай көз
Жазбаса бизге бу дүйнө,
Кантейин анда
Акырет жайдан табылат.

Ошентип, тагдыр ак таңдайды дагы бир жолу сынады. Бул сыноо бир чети өттөй ачуу болсо, бир чети балдай таттуу эле…

Аксыга барып жай таптым,
Алтын боолуу куш таптым.
Аркырап аккан суу таптым.
Аземи артык журт таптым,
Агайин, тууган дос таптым.
Көркөмү артык тоо таптым,
Көңүлү куунак эл таптым.
Шалысы бар жер таптым,
Шааниси бар эл таптым.
Адыр-адыр тоо бастым,
Кадырымды билүүчү,
Ажарлуу ак периште,
Айнектей асыл жар таптым.
Тектир-тектир жер бастым,
Тегимди тербес эл таптым.
Курбу-курбу тоо бастым,
Куюктурбас эл таптым.
Дары таптым дартыма,
Аброй алдым артыла.
Эл аралап ырдадым,
Эссиздин сөзүн сындадым,
Эстүүнү ээрчип сыйладым.

Айтор, бир жыл ичинде жаш акын өлчөөсүз өстү, кагылды, согулду дегендей. Былтыр кулжа айында Курткадан жашырынып ашып өткөн жаш Арстанбек менен азыркы Алымбек датканы коштогон Арстанбектин ортосунда ат менен төөнүн ортосундай айырма болду. Анжиян менен Оштун төрт мезгилин көрүп, бийинин да, кара борчо жатакчысынын да  түрлүү пикирине кулагы бышты. Арстанбек эми Нарынды көздөй жол алып, ата-бабасы туулуп өскөн Эки Нарынга, Жууку менен Кылдоого, касиеттүү Ысык-Көлгө кайра сапар чекмей болду… Ак таңдай акын кетээринде датканын өргөөсүнө  атайын баш багып, адатынча таалим сактап, сыйчыл кыраат менен Алымбектен:

– Датка агам, Нарындан келгениме мынакей жыл айланды, сиздин кадырыңыз менен Анжияндын элин армансыз араладым. Урмат-сыйына арзыдым. Өзүм туулуп-өскөн айылыман көрбөгөн ызат-сыйды ушул Анжияндан көрдүм. Байкасам сапарым карып, аркадагы ата-энеме, тууган-уругума кайта турган убагым да келип калган окшоду, даткам. Кайра кайтсам эли–жериме… Не дегейсиз… Макулдугуңузду берип, мүмкүн болсо, улуксат бергейсиз, даткам, – деген ойду секин жылдырды Арстанбек.

Даткага бир ооз кеп айтпай, сыпайгерчилик менен  макулдугун албай  кетип калыш Арстанбек үчүн адепсиздиктин жеткен чеги эле. Ырас, даткага эң жакын деген, эң бир сөзү өтүмдүү деген нөкөрүнө эки күн башта акырын кеп салып көргөн болчу. Ошондуктан Арстанбектин азыркы суранычы Алымбек даткага  күтүлбөгөн сөз же жаңылык болбоду.

Ошондой болсо да Алымбек датка акындын сөзүн көңүл коюп, терең баам салып туруп укту. Эч бир “жок, андай болбойт, натуура кепти сүйлөбөңүз, же таарындыңызбы, мырзам” дегендей ишаарат болбоду. – Албетте, элге-журтка кайтмак  лаазым, ал
туура иш болот, – деди датка, акынга абай сала карап.

– Лякин, эр адамдын ата журтуна, үй–бүлөсүнө бармагы калетсиз  сөз го. Баруу керек, албетте. Наяты жигитсиз, өтө зор шайырсыз, мырзам. Сиздей адамдар элге керек, журтка керек.  Туураны туура демек парыз. – Андан соң бир нерсени эстегендей зайыбы Курманжан тарапка  бет буруп:

– Ал  эмесе, Курман, Арстанбек мырзага не адиеңиз,  не тартууңуз бар?..

Адамдан башкача акыл-парасаттуу, кимдир бирөөгө, айрыкча жакын санаалаштарга датканын үйүнөн кур чыкпашы керек дегенди  адат кылып алган Курманжан чыгдан тарапка бурулуп, эки көзү толтура кажары куржунду бери чыгарды.

– Бул куржунду эл-журтуңузга  барганда асылзат энеңиздин  колуна бергейсиз, куржундун килитин ошо энеңиз чечсе тууру, – деди күлүмсүрөй сүйлөп  Курманжан зайып. Сыягы, колуктуңуз болсо колуктуңуз ачса болмок, бирок азырынча бойдок экенсиз… деген сыпайы ишаарат болду окшойт.

Арстанбек кызарып кеткенин сезди. “Аттиңай, колукту боло турган сулууну Аулетимдин айылына аргасыздан калтырып кетип баратам” деген ой эт жүрөгүн бир кур ачуу тыз эттирип  өттү…

Кошо баш баккан Кошмат куржунду айттырбай эле колуна  алып сыртка беттеди. Дагы бир азга азыноолак кеп–сөз сүйлөнгөн соң камчысын бооруна алган Арстанбек даткага да, Курманжан зайыпка дагы  ыракматын, ыраазычылыгын кайталап айтты. Көрүшкөнчө эсенчилик, аманчылык тиледи деп ордунан туруп, датка менен кол берип коштошуп, сыртка чыкты. Эми кудай жол берсе жолго чыгайын, сапар тартайын  деген тейде, акын туура тартылган жоргонун үзөңгүсүнө бут салды…

Арстанбек ак таңдай Анжияндан тапкан дүйнөсүн кайра Эки Нарынга жүктөп кетпеди. Анын ала кеткен эң  негизги олжосу – кыргыз калкынын учу менен кыйырын тааныганы, Анжиян  менен арканын эли бир эл, бир журт экенин билүү жана аңдоо болду. Албетте, Аулетимдин ак куусу Пазилат көкүрөгүндөгү айыкпас жараат болуп, жүрөгүнүн толтосунда  Эки Нарын менен Жуукуга, касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгине кошо кетти…

Ооба, Анжиян акынды ар тараптан жетилтти, бышырды. Кыргыздын оңу менен солун тескеп, анын бир бүтүндүгүнө, тутумдаштыгына, ажыралгыстыгына көзү жетти.  Ошону менен бирге акындын акылына бекем орноп, жүрөгүнө өмүрү өткөнчө кетпеген бир сары зил  биротоло уялады. Ал –бүгүнкү турмуштун абыгерчилиги эмес, эртеңки оторчулук замандын зары менен запкысы эле. Ошону ойлоп, ошого санааркоо акындын  эси-көөнүнөн эч бир чыкпады. Эртеңки күнү кыргыз аттуунун тагдыры кандай болот, кырк уруу кыргыз ата-бабасынан калган жер-суусуна ээлик кылып, сактап калабы  же калбайбы деген санаа Арстанбектин  жүрөгү менен жүлүнүн терең аралады. Бул  ой  дал Анжиянда, Кокондо, Ош менен Өзгөндө, айрыкча Алымбек датка менен баарлашкан күндөрдө акыл-парасатын биротоло ээледи. Келечек заман тар заман экенин, азуулууга бар заман экенин, бечарага зар заман экенин билип, сезип келди.

Заманың келди закымдап,
Тайган иттей такымдап.
Замананын зарын ук!
Каапырлардын каарын ук!
Мусулмандын жайын ук.
Кыргыздардын жоосун ук,
Кытай, калмак доосун ук.
Дубананын зарын ук,
Мүлдө журттун баарын ук! – деп өзүнүн акындык ыйык парызын аткарып, ою менен пикирин ачык, даана кылып айтып жүрдү Арстанбек ак таңдай.

Ошон үчүн жамы тынымсейиттин жакшылары Куртканын чеби жайгашкан Айгыржалдан жабыла тоскондо Арстанбек беркилер ойлогондой желпилдеген жеңил ырчы, жаагын жанган жамакчы  эмес болчу. Ал азыр атпай журттун акыбалына акыл тегереткен чыныгы даанышман акын эле. Ошон үчүн шатыра-шатман кубанычтуу маанайда эмес, акын негедир ойчул,  санаадар эле. Өзгөлөр турсун өз атасы Буйлаш да уулунун кабак-кашы, жүрүм-туруму, маанайы такыр башкача  болуп калгандыгын көрбөй кое албады. Башкалар дагы буга көңүл бурганга аргасыз болушту. Ошондой болсо да Арстанбек жол тосуп келген тынымсейиттин жакшыларына, урук-туугандарга чын ыраазычылыгын билгизип, ар бири менен ийин тийгизе  учурашып чыкты. Канткен менен бир жыл алыста жүрүп, эл-журтту, туулуп-өскөн жерин сагынган эле Арстанбек. Эли-журтуман айланайын, топурагы торко тууган жеримден айланайын деп толкуп турду ак таңдай ырчы ичинен.

Баарынан кызыгы – Арстанбекке суусар бөрк менен бөрү ичик кийгизип аткан эл аксакалдары акынга чоң мартаба менен сунган, тартуу катары даярдаган өрүк комуз эле… Сыягы Анжиян менен Ошто жүрүп акын уулубуз кементай менен суусар бөрккө тунгандыр, ошондуктан Арстанбекке аттан-төөдөн артык атак менен даңк алып келген жарты кулач  жыгач комуз экен, тартууласак бир жакшы  комуз тартуулайлы, чертмек суналы дешсе керек.

Арстанбек ошол замат атка артылган кажары куржундан мурунтан бери аздек тутуп, эч качан жанынан чыгарбаган ак жолтой арча комузду сууруп чыкты. Комуз баягы Жуукуда чогуу мал кайтарган ага-туугандар атайын чылгый эчки терини ашаткы чылап ийлеп, ышкын түп менен кыярта боеп, комузга ылайыктап бычып, эликтин терисинен тилинген көк менен тегерете көктөп берген куту, кутуга салынган арча комуз эле. Боосун чечип, комузду колго алып, кылын кыңгыратканда, атасы Буйлаш баягы Айтымбет уста чапкан, чоң шаани-шарапат менен тартуулаган арча комуз экенин тааный койду. Тааныр замат ансыз да эмне айтаарын билбей эси эңгиреп турган Буйлаш мүкүлдөп ыйлап кирсе болобу.

– Комуз черткен колуңан сенин, Арстаным, кулунум, маңдайыма бүткөн шам чырагым… – Сыягы Арстанбек Анжиянда жүргөн бир жыл ичинде Буйлаш нечен жолу тогуз толгонсо керек, ата деген атка татыксыз болуп, жанына тутка, башына таажы тың чыкма уулун барктай билбегенине нечен кур бармагын жара тиштеген сыяктуу.
Баарынан да элге-журтка жаман көрүнүп, Арстанбектей уулду кор туткан акылсыз ата атанганына аябай ичи бышып жүргөндөй.

Арстанбек атасы Буйлашты далыдан кысып, улам-улам кучактап атып араң
сооротту.

– Ата, сабыр этиңиз, мен абактан келген жокмун, Анжиян менен Алайдын элинин сый-урматында жүрүп келдим, – деди ал атасын имере кучактап.

Тегеректеп турган бектер менен бийлер ата-баланын мамилесине сырттан карап, ичинен сынап турушту. Арстанбек менен Буйлаштын эбак аңыз болуп таралып кеткен ич ара мамилесин баары беш колдой билсе да, билмексенге салып, эл жакшылары экөөнү тегеректей сыпаа турушту. Бирок бири дагы Арстанбек ичине ачуу сактап, атасы Буйлашка салкын караганын байкаган жок. Аябагандай намыстуу, акылы ар нерсеге жетик Арстанбек атасына атадай мамиле этип, эч нерсе билдирбеди, сездирбеди. Өткөн ишке салабат деп, эч бир кабагын чытыбады, обочолонбоду.

Аңгыча Куртканын тоо тарабына кара булут чогулуп, жамгыр жаай турган окшоду. Акын ага карабады.  Арстанбек  тартууга апкелген өрүк комузду эмес, өзүнүн ак жолтой арча комузун колуна алып, кыйлага кылын күүлөдү. Комузду колго алаары менен айта турган сагынычтуу салам дубасын жамгыр кылып шатыратып,  бир кур төгүп алды. Тосуп чыккан эл жакшылары менен тегиз учурашып, эл–журттун эсенчилигин сурады. Баарына ыраазычылыгын айтып, этек жагында өткөн турмушту эмес, келечек заманды сүйлөдү. Мойнубуздан ныгыра басып, устаранын мизиндей оодарылган  олку-солку заманда кандай арга кылып  элди-жерди сактайбызды сүйлөдү Арстанбек. “Казак, кыргыз биригип, бата кылып алсак бейм, Кашкардагы Бакдөөлөт, ата кылып алсак бейм” деп сүйлөдү актаңдай.

Ошол ырында эң биринчи жолу “тар заман” деген сөздү оозанды акын.  Ошол “заман” деген сөз кийин акындын эч качан бүтпөгөн зарына, эч бир азайбаган арманына айланаарын эч ким билген да, болжогон  да жок анда. Акынды тегеректеп тургандардын бири да  оторчулуктун оомалуу-төкмөлүү заманы түндүк тараптан, казактардын учу-кыйырсыз талаасы аркылуу кара булуттай каптап кирип келатканын туйбады. Анткени ал үчүн көп нерсени алдын ала көрө билген кеменгер, доордун добушун жан дүйнөсү менен тыңшаган, замандын зарын терең туйган  даанышман болуу керек эле. Ошол даанышман айтылып аткан сөздөргө бирде түшүнсө, бирде кулак сыртынан кетирген суусар бөрк, төө чепкенчен байлар менен бийлердин  тике маңдайында сайрап турду…

Жамгыр катуураак  дыбырата баштады. Атайын Арстанбекке арнап, көк майсага көтөрүлгөн боз үйгө баары тобу менен баш багып, адаттагыдай ар бири жашка карап, сакалга карап  шырдакка мандаш токушту. Элдин эң артында  ирегени аттаган Арстанбекти аксакалдар болбой атып төргө отургузушту. Ушул даңазалуу уулдун атасы мына мен болом дегенсип, Буйлаш бий акындын катарына батыл көчүк басты. Бир кезде өргөсүнө киргизип эмес, кааласа эшиктен баш бактырбаган Буйлаш азыр ошол токолдон туулса да, тулпар чыккан акын уулуна катар отурганга төбөсү көккө жетип, бактылуу отурду…

Жамгыр эми нөшөргө айланды. Ага  аралаш дал төбөдөн чагылган чарт–чурт этип, асман бөлөк–бөлөк болуп жарылып, кыйрап–сынып кеткендей күн деле узакка күркүрөп, шаркырады.  Ырасында да, бул күркүрөк башкача күркүрөк эле. Арстанбек азыр эле оозанган кыйды заман,  тайган иттей такымдаган чалкеш доор  добулбасын кагып, эч кимден сурабай–этпей ирегени аттап, мен мына деп түндүктөн түшө калгандай сезилди…

Эки Нарынга келгенден кийинки биринчи аттан түшкөн үй – апасы Төрөкандын боз үйү  болду. Кыраңдан чыкканда эле баягы төрт канат кара алачык эмнегедир акындын көзүнө урунбады. Биринин куюшканына бири байланган ээр-токумчан аттарды байкаган Арстанбек адегенде эле Бороончу Борош агасын, баягы эле Байсерке жээнин, дагы бирин-экин урук туугандарды көзү чалды. Бир топко чейин баягы качан болсо Буйлаштын көзүнө чалдыкпаганга аракет кылып, кымырынып-кымсынып  көнгөн апасы Төрөкан көрүнбөдү. Бир маалда топурап турган туугандардын арасынан бери бөлүнүп, атчандарды көздөй утурлай баскан ак жоолукчан зайып апасы Төрөкан экенин тааныды. Аны көргөн Арстанбек аттын тизгинин кагып теминип, үйгө жакындай бергенде аттан ыргып түшүп:

– Апа, аман-эсен турасыңбы? – деп шашканда ак жоолугу артка шыпырылган Төрөканды кучактай кетти. Ансыз да ыйлаак болуп көнгөн апасын бир чети сооротконго аракет кылса, бир чети мурунку убактагы, балалык кезиндеги жакшысынан жаманы көп,  кубанычтан өкүнүчү көп элестер койго жабышкан уйгактай акыл, эсинде чатышып, аралашып турду…

– Кагылып кетейиним, каралдым, Арстаным, көзүмдүн карасы… –Төрөкан айтканга керектүү сөз табалбай, тапса да балбалактап ыйлаган сайын тамагы муунуп, үнү каргылданып, оюндагысын айтып бүтө албай атты. Эне да, ансыз да бир жыл уулун көрбөй куса болгон байкуш Төрөкан жалынып-жалбарып, картайып калган энеси экөө Арстанбектин башынан суу айлантып чачып, билген ырым-жырымын жасап, аксарбашылың азыр деп, кубаныч аралаш көз жаш менен алдастап турушту.

Кантсе да Бороончу Борош көбүнөн кайраттуу да сабырдуу экен, адатынча  баягы бапылдагын карматып:

– Төрөш, токтот кокуй ыйлаганды, жаман жорукту баштабай, келди аман–эсен балаң. Тилегибиз кабыл болду. Күн сайын ушу баланын тилегин тиледик го. Мына аман-эсен жүз көрүшүп отурабыз. Кудай тилекти берет деген ошол.

– Туура, туура. Кудайга шүгүр этели, – калгандар Борошту бир ооздон колдоп кетишти.

Өздөрүнчө эле кубанычтары койнуна батпаган жарды-жалчы айылдаштарын карап туруп, Арстанбек ушул бечаралардын  ак тилеги менен, ушул жүрөгүндө тырнактай кири жок койчу, малчылардын ысык мээрими менен  балалыгы өткөнүн, дале болсо тилегин тилеген таянычы, жакшыда да, жаманда да каралашаар эли-журту ушулар экенин дагы бир жолу ашкере сезди.

– Туугандар, малга бата кылып койгула, балдар союшту сое берсин! – деп алакан жайды качан болсо астейдил, качан болсо аябай ылым санап, Арстанбекти өзүмдүн кара чечекей таякем деп мактанган  жээни Байсерке.

– Оомийин, эрте айтып, кеч калдык. Ушу малдын жаны кудайы уулубузга! – деп жапырт бата берип, туугандар мурункудай тартынбай-этпей Арстандын келишине арнап тигилген ак боз үйгө  батыл баш багышты. Баарынан таңгалыштуусу, Буйлаш бий да өзүн элден окчун кармабай, баары менен аралаш жүрдү. Антпегенге айласы да жок эле. Аралашпаса тогуз канат өргөөсүндө чоң катыны менен соксоюп жалгыз калат болчу…

(Уландысы бар)

Осмонакун ИБРАИМОВ

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар