Башкы беткеРубрикаларДен соолукМедицина кызматкерлери сыйланды

Медицина кызматкерлери сыйланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында реформаларды ийгиликтүү ишке ашырган бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.
Алардын арасында жарандар үчүн медициналык кызматтарды санариптештирүүгө жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга олуттуу салым кошкон Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери да бар.
Реформанын негизги жыйынтыктарынын бири — айдоочулук күбөлүк алуу үчүн зарыл болгон 083/у медициналык маалымдамасынын санариптик формасын киргизүү болду. Эми бул процесс эки иш күнүнөн ашпайт жана кагаз документтерди чогултуу, кезекте туруу же бир нече мекемеге баруу зарылдыгы жоюлду. Психоневрологиялык жана наркологиялык диспансерлердеги маалыматтарды камтыган бардык текшерүүлөр мамлекеттик системалар аркылуу автоматтык түрдө жүргүзүлүп, жарандардын адистештирилген борборлорго өз алдынча кайрылуусуна муктаждык калбады.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар