whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.05.2025
19.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоом“Марафондун максаты – эрдиктин тарыхы аркылуу балдарды шыктандыруу”

“Марафондун максаты – эрдиктин тарыхы аркылуу балдарды шыктандыруу”

Билим марафонунун негизги темасы менен анын бүгүнкү күндөгү мааниси жана ошондой эле бул иш чаранын катышуучуларын кандай жаңы нерселер күтүп жатканын 23-апрелде журналисттерге Россиянын «Билим» коомунун башкы директору Максим Древаль билдирген. Белгилей кетсек, аталган иш-чара 28-апрелде башталып 30-апрелге чейин уланат жана өлкөнүн бардык федералдык округдарын камтыйт.

Өз сөзүндө Максим Древаль быйылкы жыл Билим марафону экендигин жана ал Улуу Жеңишке биринчи жолу арналып жаткандыгын айтып, анын милдети – билим берүү гана эмес, балдарды өз алдынча иштөөгө тартуу: тарыхка сүңгүү, алардын эрдиктери жөнүндө башкаларга айтып берүү, эстеликтерди коргоо жана калыбына келтирүү экендигин баса белгиледи. Аны менен катар марафондун глобалдык максаты дагы кеңири экендигин, тактап айтканда, көрүнүктүү инсандар менен жолугушуу, балдардын жетишкендиктери үчүн  тарых аркылуу эрдиктерге шыктандырууну көздөөрүн билдирди.

«Марафонго көрүнүктүү инсандарды лекцияга чакырган сайын эр-азаматтарыбыз аларга таасирленип: «Алар мындай эрдиктерди жарата алышса, мен да жасай алам» деп ойлосо экен деп кыялданабыз. Эгерде бул марафондон таасирленишсе, демек, биз максатыбызга жеттик жана эр азамат жигиттер жаңы билимге өз өлкөсүнүн тарыхын урматтоо менен гана эмес, келечекке ишенимдүү көз караш менен да бара алышат», — деди.

Иш-чара Ыраакы Чыгышта Южно-Сахалинск шаарында башталат. Андан соң марафон Россиянын жаштар борборлорунда – Омск менен Пермде, ошондой эле Салехардда өтөт. Андан соң Казань жана Рязань шаарларында уланат. Мындан тышкары, Донецк Эл Республикасы менен Владикавказда, баатыр шаарлар Санкт-Петербург менен Севастопольдо сайттар уюштурулат. Борбор калаа марафондун өзөгү болот. Долбоордун расмий өнөктөшү «Алабуга» атайын экономикалык аймагы болуп саналат.

«Билим» коомунун башкы директорунун айтымында, иш-чарага өлкө боюнча 25 миңден ашык жаштар катышып, Билим коомунун сайтында жана социалдык тармактарда түз эфир аркылуу марафонго дагы миллиондогон көрүүчүлөр онлайн кошулат. Коомдук ишмерлер дагы бир жолу марафондун лекторлору боло алышат. Алардын арасында Россия Федерациясынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин орун басары – Президенттин басма сөз катчысы Д. Песков, Финансы министри А.Силуанов, Транспорт министри Р. Старовойт, Спорт министри М. Дегтярев, «Росатом» Атомдук энергетика боюнча мамлекеттик корпорациясынын башкы директору – «Росатом» ААКнын башкы директору А. Лихачев ж.б. бар.

Максим Древаль Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери марафондо жаштарга куттуктоо менен кайрылышарын өзгөчө баса белгилеп, бул бардык сайттардагы программалардын башталышы болорун, ошондой эле жаштар менен Россия Федерациясынын Баатырлары, согуштун кабарчылары, белгилүү маданият ишмерлери, көрүнүктүү спортчулар менен жолугушарын айтты.

Алардын арасында Мамлекеттик Эрмитаж музейинин директору М. Пиотровский, А.П.Чехов атындагы Москва көркөм театрынын көркөм жетекчиси К. Хабенский, Россия Федерациясынын Эл артисти О. Газманов жана башка көптөгөн адамдар бар. Билим берүү уюмунун жетекчисинин айтымында, жаштардын жана лекторлордун көңүл чордонунда жеңишке жетишкен элдин болуп көрбөгөндөй эрдиги, тарыхый чындыкты сактоо жана тарыхты бурмалоого каршы күрөш болот.

Катышуучулар биздин бирдиктүү көп улуттуу элибиз фронтто жана тылда жеңиш үчүн кандай күрөшкөндүгүн талкуулашат. Ошондой эле Улуу Жеңиш өнөр жайдын, энергетиканын, илимдин, маданияттын, спорттун өнүгүшүнө да кандай таасирин тийгизгени айтылат.

«Программада ачык диалогдор менен лекциялардан тышкары, таптакыр жаңы форматтар камтылат. Мисалы, «Казык» кечелери. Биз Улуу Ата Мекендик согуштагы окуяларды сахнада чагылдырып, көрүнүктүү инсандар менен талкууларды өткөрүп, маанилүү тарыхый окуялардын азыркы жана келечектеги ролун талкууланат.            Марафондо маанилүү орунду биз балдар менен бирге түзө турган “Эстелик дубалы” ээлейт.  Жаштар Улуу Ата Мекендик согушка катышкан чоң апалары менен чоң аталарынын сүрөттөрүн алып келип, сүрөттөрдү атайын дубалга илишет. Ошондой эле, марафондо «Билим. Китепкана» иштейт, анда эң активдүү көрүүчүлөр биздин лекторлор сунуштаган китептерди ала алышат.

Дагы бир кызыктуу формат — «Жеңиш жаңырыгы» анимациялык комикси. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына жана окуяларына арналган. Тигил же бул мемориалдын жаратуучуларын кандай эрдиктер шыктандырганын биз жаштар үчүн абдан түшүнүктүү, кызыктуу форматта айтып берүүгө аракет кылабыз», — деп белгиледи Максим Древаль.

Марафондун жүрүшүндө Поклонная Горадагы Жеңиш музейинде өнөктөш шаарча ачылат, анда алдыңкы мамлекеттик корпорациялар жана россиялык ири компаниялар уюштурган интерактивдүү иш-чараларда каалоочулар өз күчүн сынай алышат.

«Өлкө боюнча көптөгөн лекторлор студенттер менен ар кайсы жерлерде жолугушат. Жаштар үчүн ар бир мындай жолугушуу Жеңишти жакындатууда өздөрүнүн туулган жери кандай роль ойногондугун, мекендештери кандай эрдиктерди жасаганын, согуш жылдарында туулган жеринде кандай окуялар болгонун билүү мүмкүнчүлүгүн жаратат. Россия Федерациясынын облустарынын жетекчилери жаштар үчүн аскердик даңктын жерлерине жана тарыхый музейлерге уюштурулган экскурсияларды өзүнчө белгилеп кетким келет», — деди «Билим» коомунун башкы директору.

Орусчадан которгон Вера Беделбек, «Кыргыз Туусу»

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар