Токтогул Сатылганов атындагы улуттук мамлекеттик филармонияда Комсомол уюмунун 100 жылдыгы белгиленди. Тагыраагы, Кыргызстан Лениндик Коммунисттик Жаштар Союзуна 100 жыл толду. Иш чарада мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Казакстандан жана башка өлкөлөрдөн келген коноктор, ошондой эле уюштуруучу топтун мүчөлөрү сөз сүйлөшүп, концерттик программа менен коштолду.
Кезегинде комсомол уюмдары, коммунисттик партиянын оң колу, кадрлар бешиги, таянычы болгондугу талашсыз. Комсомолдук куракты баштан өткөргөндөр үчүн бул мезгил бүтүндөй бир доор, романтикалуу учур эле. Кеңеш доорунда кандай гана маанилүү иштер, өнөктүк болбосун комсомол жаштарынын катышуусуз бүтчү эмес. Жаштарды бир идеологиянын астында бириктирген бул уюмдун 100гө толушу жана анын белгиленишинин кандайдыр бир максаты бардыр деген ой менен комсомолдун ардагерлерине кайрылдык.
Комсомол уюмунун ардагери Касен Асизовдун пикиринде комсомол кыргыз элине далай мыкты уул-кыздарды тарбиялап, өстүрүп берген. Андыктан ал уюмдун жакшы жактарын азыр да алып, учурда өлкөдө жаштар менен иштей турган мамлекеттик
саясат болсо дейт.
“Комсомолдун катарында күжүрмөн кызмат кылган жаштардын арты азыр 60 тан ашып калдык. Комсомол бизге чоң мектеп болду. Таалим-тарбия алдык, такшалдык. Ошол мектептен өткөн инсандар учурда жетекчи кызматтарда, коомдук, партиялык иштерди аркалап келатышат. Комсомолдун азыркы учурда да жаштарыбыз үчүн тарбиялык мааниси абдан зор. Андыктан биздин максатыбыз жөн эле чогулуп коюу эмес. Мына ошол комсомолдун ишин азыркы жаштар башка формада улантса деген тилегибиз бар. Жаштар өкмөттүн же бир жетекчиликтин көргөзмөсү менен эмес, өздөрү демилге көтөрүп өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошсо деген ойдобуз. Ал үчүн комсомол уюмунун жакшы жактарын алуу керек”, – деди ал.
Комсомолдун дагы бир ардагери Сурма Дыйканбаева комсомол мектебинен СССРдин жарандарынын бир нече муундары өткөнүн, бул өлкө тарыхындагы бир өзгөчө доор болуп калганын, ал кезде комсомолдук ири курулуштарда миллиондогон жаштар эмгектенип, завод-фабрикалар, ирригациялык объектилер, суу сактагычтар курулуп, шаарлар жана айылдар өнүккөнүн айтты.
“Биз дагы ошол комсомол уюмдарынын иш-максаттарын жүзөгө ашырып калган адистерден элек. Менин турмушумдагы унутулгус күндөр комсомол менен байланышкан. Тагдырдын буйругу менен комсомолдук бир топ жооптуу кызматтарда иштедим. Чындыгында комсомол уюму баарыбыздын эсибизде күчтүү, жаштарды шыктандырып, алдыга умтулткан, коомдун бардык чөйрөлөрүнө зор таасири бар жаштар бирикмеси катары калды. Учурда Президент Садыр Жапаров “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун бекитүү жөнүндө Жарлыкка кол койду. Уңгу жолдун долбоорунун концепциясын иштеп жатышат, ошого дагы биздин салымыбыз кошулат деп ойлойм. Биз жаштарга өзүбүздүн тажрыйба менен бөлүшүп, жол көргөзүп беришибиз керек. Ал үчүн комсомол ардагерлери жер-жерлерде жаштар менен жолугуп, өзүбүздүн мисалыбызда жаштарды мекен үчүн кызмат кылууга үндөп, дем кошсок деген ойдомун,” –деди.
Тарыхка кылчайсак, СССР кезинде жакшы окуган окуучулар алгач октябряттын төш белгисин тагынып, андан кийин пионер болуп, 14 жаштан кийин комсомол уюмуна кабыл алынчу. Коммунисттик партияга кошулуу үчүн окуучу ар тараптан өзүн көрсөтүп, дилгир болууга умтулган. Анткени уюмдун талаптары, жоопкерчилиги оңой болгон эмес.
Кыргызстанда биринчи жолу 1918-жылы Кызыл-Кыя шаарында 15 адамдан турган алгачкы комсомол уюму түзүлгөн. 1920-жылдан тартып бул уюм жаштардын коммунисттик кошууну деп аталган.
1925-жылы Кыргызстандын комсомол уюмдарынын борбордук комитетинин биринчи катчылыгына Осмонкул Алиев дайындалган.
Агартуучу, журналист жана мамлекеттик ишмер, комсомолдун лидери Осмонкул Алиев 1924-1926-жылдары азыркы жалпы улуттук гезит “Кыргыз Туусу”, төл гезит “Эркин Тоого” беш жолу редакторлук кылган. Ал 1938-жылы 35 жашында репрессиянын курмандыгы болгон.
Наргиза КОЗУБАЕВА, «Кыргыз Туусу»