Башкы беткеСпорт жана туризмСпортКүрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт

Күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт

6-12-апрель күндөрү Бишкек шаарындагы «Жаштык аренада» күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт.

Дене тарбия жана спорт агенттиги билдиргендей, балбандар грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашат. Жалпысынан 350гө жакын балбан катышып, 30 комплект медаль ойнотулат.

Чемпионаттын программасы күрөштүн түрлөрүнө жараша төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

•6-8-апрель — грек-рим күрөшү боюнча мелдештер;

•8-10-апрель — кыз-келиндер күрөшү;

•10-12-апрель — эркин күрөш боюнча таймаштар.

Кыргызстандын улуттук курама командасынын намысын грек-рим күрөшү боюнча 10 спортчу, кыз-келиндер күрөшү боюнча 9 жана эркин күрөш боюнча 10 балбан коргойт.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар