Башкы беткеСпорт жана туризмСпортМунарбек Сейитбек уулу чемпион болду

Мунарбек Сейитбек уулу чемпион болду

5-апрелде кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулу “Ahmet Cömert Bosphorus International Boxing Tournament” эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, турнир Стамбул шаарында 29-марттан 5-апрелге чейин өттү. Кыргыз мушкери 60 кг салмак категориясында күч сынашып, бардык беттештерде ишенимдүү жеңишке жетишти.

Алгач Өзбекстандын өкүлүн жеңген спортчу, чейрек финалда австралиялык атаандашын утту. Жарым финалда германиялык мушкерди 5:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты.

Чечүүчү беттеште Мунарбек Сейитбек уулу украиналык атаандашын 5:0 эсебинде жеңип, алтын медалга ээ болду.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар