Башкы беткеСаясат жана коомКоомӨкмөт башчы Жапонияга окууга бара турган мамлекеттик кызматкерлерди кабыл алды

Өкмөт башчы Жапонияга окууга бара турган мамлекеттик кызматкерлерди кабыл алды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жапония өкмөтүнүн JDS (Japan Development Scholarship) долбоорунун стипендиаттары, Жапонияга окууга жөнөп жаткан Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин 11-августта Ынтымак Ордодо кабыл алды. 

Өкмөт башчы Жапониянын Кыргыз Республикасындагы элчилигине, Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигине (JICA) жана Жапон эл аралык кызматташтык борборунун (JICE) өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, мындай туруктуу колдоонун жана кызматташуудан улам мүмкүнчүлүктөр ишке ашып, эки элдин ортосундагы мамиле дагы бекемделип жатканын билдирди.

“Жапон эли менен болгон кызматташтык багыттарынын ичинен JDS долбоору биз үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин дагы бир жолу белгилеп кетким келет. Жапония – өзүнүн тартиби, сапаттуу билими жана заманбап технологиялары менен дүйнөгө таанылган өлкө. Ошондуктан, Жапон жеринде, Жапон элинен жаңы билимди, алдыңкы тажрыйбаны алып, Кыргыз мамлекетине кошо турган салымыңар баа жеткис болот. Биздин адистер азыркы мезгилде дүйнөнүн ар булуңунда билим алып жатышат. Алардын баарын жогору баалайбыз. Ошону менен бирге, Жапонияда мамлекеттик башкаруу багытында алган билимдин биздин коомго, биздин экономикага пайдасы өзгөчө болот деген ойдомун. Сиздерге ак жол, ийгилик каалайм. Сиздер кыргыз эли жана жетекчилиги зор үмүт артып жатканын сезесиздер, түшүнөсүздөр деп ойлойм”, – деди Адылбек Касымалиев.

Белгилүү болгондой, быйыл Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринен Жапонияга билим алууга 19 магистратурага, 1 докторантурага жөнөп жатат. Жалпысынан 2006-жылдан бери ишке ашырылып жаткан бул долбоор аркылуу 327 стипендиат Жапониядан билим алып келген. Статистика боюнча, бүтүрүүчүлөрдүн 60%ы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга орношсо, 50дөн ашык адам жетекчилик кызматтарда иштейт.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар