Токтогул районунун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу жана инфраструктурасын жакшыртуу багытында райондун мамлекеттик администрациясы менен биргеликте аймактардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекеме-ишканалар тарабынан бир топ алгылыктуу иштер аткарылган.
Өнөр жай багытында ишканалар ачылып, жумуш орундары түзүлүп, Токтогул балы чет өлкөлөргө экспорттолуп жана айыл чарбасында асыл тукум малдар көбөйүп жатканы алкоого аларлык. Аталган райондогу жасалып жаткан иштерди коомчулукка сунуштайбыз.
Райондун социалдык-экономикалык көрсөткүчү
Райондун негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү: өнөр жай продукциясынын өсүү темпи – 250,2%; айыл чарбасынын өсүү темпи салыштырмалуу баа-
да – 106,4%; негизги капиталга инвестицияларды тартуу – 55,5%; чекене товар жүгүртүү – 107,9%; акылуу кызмат көрсөтүү – 121,1%.
Негизги капиталга инвестицияларды тартуунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 44,5% төмөндөп кетүүсүнүн себеби – Түндүк-Түштүк альтернативалык автожолунун 2023-жылы аткарылган иштерине кошумча 879,6 млн сом, башка мекемелерге 13,6 млн сом кошулуп калган. Мындан сырткары Чычкан капчыгайында көчкүгө каршы галереянын курулушунда 391,1 млн сомдук иштер аткарылган. 2024-жылы мамлекеттик бюджетке жалпы 312,6 млн сом топтолуп, план 101,5% аткарылган же өсүү темпи 124,5% түзгөн. Жергиликтүү бюджетке 169,5 млн сом топтолгон, план 102,5 % аткарылып, өсүү темпи 109,5% түзгөн. Ал эми республикалык бюджетке 143,2 млн сом чогулуп, план 100,3% аткарылган же өсүү темпи 148,8% түзгөн.
Өткөн жылда Токтогул шаарынын, айыл аймактардын жергиликтүү бюджеттеринин кирешелери боюнча план-тапшырма 229,3 млн сом болуп белгиленсе, иш жүзүндө 250,7 млн сом топтолуп, план 109,3% аткарылган.
Өнөр жай тармагы
2024-жылы жалпы 53 ишкердик субъект ишке киргизилип, жаңы 329 туруктуу жумуш орун түзүлгөн. 2023-жылга салыштырмалуу 27 ишканага жана 2 жумуш орунга көп түзүлгөн. Мунун ичинен жыл ичинде жалпы 20 өнөр жай ишкана ишке кирип, 170 жумуш орун түзүлгөн. 2023-жылга салыштырмалуу 6 ишканага жана 16 жумуш орунга көп түзүлгөн. Мындан сырткары 1805 убактылуу жумуш орун түзүлүп, 2023-жылга салыштырмалуу 88 жумуш орунга көп түзүлгөн. Ачылган ишканаларды белгилей кетсек, бул “Кайнама” чакан ГЭСи, томографиялык борбор, “Акылай” бала бакчасы, Информациялык-эсептөө комплекси, “Бекташ Ата” эс алуу борбору, сок чыгаруучу цех жана башка ишканалар. 2024-жылдын 12 айында өнөр жай продукциясынын көлөмү 271,1 млн сомго жеткен, 2023-жылга салыштырмалуу 162,7 млн сомго жогорулаган жана өсүү темпи 250,2%, физикалык көлөмүнүн индекси 101,5% түзгөн.
Тоо-кен тармагы
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан райондун аймагында тоо-кен тармагында ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн 28 лицензия берилген. Анын ичинен 12 лицензия кен казуу иштерине (туз, мрамор, кварц), 13 лицензия чалгындоо, 3 лицензия изилдөө иштерине берилген. Кен казуу тармагында иштеп жаткан жумушчулардын саны – 28 адам. Райондо кен байлыктарын иштетүүдө 17 млн 436 миң 700 сом киреше түшкөн же өткөн жылга салыштырмалуу 1,9 эсеге көбөйгөн. Мунун ичинен роялти – 1856,4 миң сом, бонус – 437,9 миң сом, лицензия (ПУЛ) – 14944,3 миң сом. Ошондой эле кум-шагыл карьерлерин иштетүүгө 4 жаранга күбөлүк берилген.
Тартылган инвестициялар
Инвестиция тартуунун жалпы көлөмү 3 млрд 977 млн. 731 миң сомду түзгөн. Ички инвестициялардын көлөмү 2 млрд 152 млн. 249 миң сом болгон. Ал эми сырткы инвестицияларды тартуунун көлөмү 1 млрд 825 млн. 481 миң сомду түзгөн. 2024-жылы район-дук өнүктүрүү фонду тарабынан 16 долбоор 25 млн. 237 миң сомго каржыланган. Мунун ичинен социалдык – 6, инфраструктуралык – 5, өзгөчө кырдаалдар – 3, экономикалык – 2 долбоор. Экономикалык долбоорлордун алкагында Токтогул шаарында “Сүт көл чарбасын” уюштуруу – 1,0 млн сомго, Торкен айылында балык чарба уюштуруу – 5,0 млн сомго каржыланган.
Фонддун каражатынан Турдумамбетов атындагы мектептин фасады, аянтчасы оңдолгон, Чаргынов мектебине, №39 кесиптик лицейине, 2 маданият үйүнө жабдуулар, эмеректер алынган. 1 бала бакчанын кошумча бөлмөлөрү курулган. Э.Иманалиев айыл өкмөтүнө 1 грейдер, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө ар кандай жабдуулар алынган. 2 айыл өкмөткө генпландарды даярдоого акча каражаты бөлүнгөн.
“Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция” мамлекеттик мекемесинин Байкоочу кеңеши тарабынан 2024-жылга 38 иш-чарадан турган иш план бекитилген. 2025-жылдын 1-январына карата жалпы 32 иш-чара 38,6 млн сомго каржыланган. Мунун ичинен 19 иш-чара толук аткарылган.
КР Финансы министрлигинин дем берүүчү грантына 2024-жылга жалпы суммасы 48,9 млн сомдук 11 долбоор жактырылган. Өздүк салым – 17,2 млн сом, республикалык бюджет – 31,7 млн сом. Стимгранттын эсебинен 4 мектепте, 2 бала бакчада, 1 ФАПта, 1 клубда оңдоо иштери аткарылып, 1 балдар ойноочу аянтчада курулуш иштери башталган жана тротуар курулган.
Күн станциясын куруу
2024-жылы Токтогул райондук администрациясы АРИС, БУУ ДАТП, Дүйнөлүк банк, Европа өнүктүрүү банкы, өнүктүрүү саясат институту, “Мерси Ко” эл аралык уюмдары, JICA Япон агенттиги, Кытай ишкерлери, “Гуд Нейборс”, «Ал-Рашид», «Хельст Фьючер”, “Гиппократус” кайрымдуулук фонддору ж.б. менен иштешкен.
Дүйнөлүк банктын 3 сааттык программасынын алкагында 8 мектепте кыска мөөнөттүү бала бакчалар ачылган. Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен 117 үй-бүлө социалдык келишим түзүп, 100,0 миң сомдон алган. Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын каржылоосу менен район боюнча 20 долбоор ишке кирип, 382 адам эмгектенип, эмгек акыларына 71422 кг ун, май жана 1957,0 млн сом акчалай акы алышкан.
АРИСтин каржылоосу менен 3 мектепке жабдуулар алынган, Чекиров мектебине ашкана, китепкана, Даңканай мектебине ашкана, кампа, Жамгырканов мектебине китепкана курулган. Турусбек мектебинин сан-узелдери орнотулуп, Жүндүбаев мектебинин жылытуу системасы алмаштырылган. Кара-Суу айылында 1 км жолго асфальт төшөлгөн, Үч-Терек ЖДПБна УЗИ-аппарат, Үч-Терек айыл өкмөтүнө йогурт жасоочу цехтин жабдуулары алынган. Толук айылында ФАПтын, Ничке-Сай, Чоргочу айылдарында балдар ойноочу аянтчалардын курулушу жүрүүдө. 2024-жылы 1 инвестициялык долбоор ишке ашырылып, “Кайнама” чакан ГЭСи ишке берилген. 3 долбоорду ишке ашыруу башталган. Алар: Жаңы-Жол айылында осетр кластерин түзүү; Торкен айылында балык чарбасын уюштуруу; Токтогул суу сактагычында 1200 МВт күн станциясын куруу.
Энергетика тармагы
Район боюнча Атайын эсеп тарабынан 114 мамы, 2 КТП орнотулган (1951,4 м. сом), РЭТ тарабынан 978,6 км эл.линия оңдолгон (8,6 млн сом), 14,3 км электр линияларында реконструкциялоо иштери аткарылган. 9,6 МВт “Кайнама” чакан
ГЭСи пайдаланууга берилип, 20 жумуш орун түзүлгөн. Чакан ГЭСке 1,94 гектар жер трансформацияланып, бөлүнүп берилген. Чакан ГЭСте эми бир жылда 39,2 млн кВт*саат өндүрүлүп, электр энергиясынын тартыштыгы кыскартылат.
Азыркы учурда Үч-Терек айыл аймагынын жана Кара-Көл шаарынын бир бөлүгүнүн жашоочуларынын керектөөлөрү камсыздалууда. Райондук мамлекеттик администрация тарабынан 4 чакан ГЭСтин курулушуна жалпы 8,65 га жер аянттары бөлүнүп, трансформацияланган. КР Министрлер Кабинетине караштуу “Жашыл энергетика” фондусунун пайдалануусуна 3 чакан ГЭСтин 12,0 гектар жери өткөрүлүп берилген.
2025-жылы райондун аймагында чоң долбоорду баштоо пландаштырылган. КР Энергетика министрлигинин колдоосу менен “СЭС Токтогул” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан “Токтогул суу сактагычына кубаттуулугу 1200 МВт “РV” калкып жүрүүчү фотоэлектр паркын куруу” долбоорун ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюлган. Долбоордун алкагында 500 кВА подстанциясы, кампа, курулуш шаарчасы, 49 км чубалгылар курулат. Подстанция куруу үчүн 7,9 га жер бөлүнүп, трансформацияланган. КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги №206 токтомунун негизинде райондун калкына жеңилдик катары 2023-жылдын 4-кварталы жана 2024-жылдын 1,2,3-кварталдары үчүн жалпы 11 млн 400 миң сом акча каражаттары келип, ар бир абонентке 662 сомдон компенсация бөлүнүп, 17220 абоненттин эсептерине которулган.
Ирригация тармагы
Бел-Алды айыл аймагынын Сары-Сөгөт айылынын сугат жерлерин суу менен камсыз кылуу үчүн «Жаңы-Арык” каналын калыбына келтирүү максатында 2021-жылы «Атайын Эсеп» мамлекеттик мекемеси тарабынан курулуш иштери башталган. Каналдын 6030 метри оңдолгон, 150 метр темир труба жаткырылган, 2700 метр канал бетондолгон. 2024-жылдын 1-декабрында канал ишке берилген.
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен Үч-Терек айыл аймагынын Үч-Терек, Саргата айылдарындагы үлүш жерлерди сугат суу менен камсыз кылуу максатында “Прогресс +С” ЖЧКсы аркылуу Камбар-Ата-2 ГЭСинин ичине сметалык баасы 2498,8 миң сомдук насостук бекет курулду. Бул насостук бекеттин жардамы менен Үч-Терек, Саргата айылдарынын 252,0 га үлүш жерлерин сугарууда кошумча сугат суунун көбөйүшү жакшырат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жалпы 220,3 км канал тазаланган.120,6 км канал механикалык жол, 98,7 км канал кол менен тазаланган. Райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы М-1, Чолпон-Ата-1 насостук бекеттеринде, Узун-Акмат гидро участкасы боюнча М-1, М-2 каналдарында, Чолпон-Ата лоток каналынын Ак-Талаа участкасында, А.Суйеркулов айыл аймагына караштуу Шопоков каналында, Үч-Терек айыл аймагына караштуу Сары-Таш суу түтүгүндө оңдоо иштери аткарылган. Жалпы 14,8 км канал механикалык жол менен, 28,6 км канал кол күчү менен тазаланган, 200 лоток алмаштырылган.
Көрктөндүрүү
Токтогул токой чарбасы тарабынан 20,0 га жерге 8000 жаңгак көчөтү отургузулуп, 0,19 га жерге урук себилген. Көчөтканалардын мектепчелеринин 0,45 га 17,4 миң көчөт отургузулган. Ал эми күнөсканада 13,6 миң көчөт өстүрүлүүдө. Жалпы 2,6 млн сомдук 6812 көчөт казылып, айыл өкмөттөргө, мекемелерге 7400 көчөт, жеке адамдарга 19433 көчөт сатылган.
Кетмен-Дөбө айыл аймагынын тургуну Б.Орозбековдун жеке питомнигинен 5000 көп жылдык бактын көчөттөрү өндүрүлүп, элге сатылган. Мазар-Суу айылынын тургуну жеке ишкер Ж.Кабылбеков малина өсүмдүгүнүн “Мопема”, “Полька”, “Евразия” жана ежемалинанын жаңы сортторунан 20,0 миң көчөт өндүрүп, жергиликтүү дыйкандарга сатылган. Кетмен-Дөбө, Толук, Үч-Терек айыл аймактарында жалпы 11,7 гектар жерге 7190 көчөт тигилген. Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы түзүлгөн меморандумга ылайык интенсивдүү бак өстүрүү багытында Ак-Бейит участогунан 100 га жерге бак тигүү, 10 га жерге күнөскана курууга “Фидан-Глобал” ЖЧКсына Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына 110 га жер бөлүнүп берилген.
“Жашыл мурас” Улуттук өнөктүгүнүн алкагында 2024-жылы жалпы 119,7 га аянтка 88337 түп ар кандай көчөттөр отургузулган (1094 ийне жалбырактуу, 87243 жазы жалбырактуу) жана отургузулган. Токтогул районунун өнүктүрүү фондунун каражаттарынан 1 айылда парк уюштурулуп, ишке берилген.
Мал чарбасы
2025-жылдын 1-январына карата мал санактын жыйынтыгы менен райондун аймагында 42758 баш ийри мүйүздүү мал, 153819 баш кой-эчки, 14567 баш жылкы, 75614 үй канаттуулары саналган. Өткөн жылга салыштырмалуу ири мүйүздүү малдын саны – 2055 башка, кой-эчкилердики – 5949 башка, жылкылардын – 1059 башка, үй канаттуулар – 4314кө көбөйгөн. Өткөн жылы ветеринардык адистер 52 ири мүйүздүү малды жасалма жол менен уруктандырышкан. 2 чарбанын (Гиссар койлор) КР Айыл чарба министрлигинин асыл-тукум чарбанын сертификаттарын алууга тийиштүү документтери даярдалган, 2 чарбаны (эчки, уй) сертификатты алууга сунуш берилген.
А. Суеркулов айыл аймагынын тургуну А. Мейманканов тарабынан 32 баш Симменталь породасындагы асыл тукум уйлар алынып келинип, бүгүнкү күндө жасалма уруктандыруу жолу менен асыл тукум породадагы торпоктор алынды. Токтогул шаарынын тургуну Т. Бөлөкбаев тарабынан Швиц жана Ала-Тоо породасындагы 10 баш уй багылып, жасалма уруктандыруу жолу менен асыл тукум породадагы торпоктор
алынууда.
Кайра иштетүүчү ишканалар
Токтогул шаарынын Бала-Чычкан айылында иштеп аткан “Ля Вуа Лакте” цехи толук долбоордук кубаттуулукка чыккан. Мурун цех күнүнө 300 литрге чейин сүт иштетсе, азыркы учурда цехте 1500 литрге чейин сүт кайра иштетилип, продукциянын 7 түрү чыгарыла баштаган. Цехке барган жолдор кеңейтилип, тегизделген.
Токтогул шаарынын Арал айылында жеке ишкер Алымбек Данияров тарабынан экологиялык таза, табигый алма ширесин чыгаруу цехи ачылган. Цехте күнүнө 1000 литрге чейин сок чыгарылат.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принцибинде (ГЧП) Токтогул шаардык мэриясы, балык чарба департаменти жана “Азия Продукт” ЖЧКнун ортосундагы түзүлгөн келишимге ылайык Токтогул шаарынын Жаңы-Жол айылында “Осетр кластерин” түзүү боюнча иштер башталган. Долбоордун жалпы наркы 82 млн сомду түзөт жана айыл чарба секторунда курулуучу 100 долбоордун бирөөсү катары киргизилген. Азыркы учурда малекторду өстүрүү үчүн бассейндер жана навес курулган. Долбоор үч этаптан турат жана 2025-жылы курулуш иштери улантылат. Болжолдуу 100 жумуш орун түзүлөт.
Токтогул балынын экспорту
Токтогул балын экспортко чыгаруу максатында район боюнча 351 субъект катталып, 38468 аары уюгу идентификациядан өткөрүлүп, базага киргизилген. Райондун аймагында бал кластерин түзүү, Токтогул балын экспортко чыгаруу максатында 2022-жылы түзүлгөн «Кетмен-Төбө өрөөнүнүн бал аарычыларынын биримдиги» коомдук бирикмеси тарабынан «Кетмен-Төбө тоо балы» товардык белгисин каттоо боюнча иштер башталган. Азыркы учурда бал лабораториялык изилдөөлөргө (антибиотикке) тапшырылып, жыйынтыктары күтүлүүдө жана автордук укук берүүчү күбөлүктү алуу үчүн 6 айлык сыноо мөөнөтүнөн өтүүдө. Автордук укук берүүчү күбөлүк алынса өндүрүлгөн, балды экспорт-ко чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
2024-жылдын ноябрь айында Өзбек Республикасынын Наманган шаарында болуп өткөн эл аралык бал фестивалында «Кетмен-Төбө өрөөнүнүн бал аарычыларынын биримдиги» коомдук бирикмеси менен Наманган шаарынын ишкерлеринин ортосунда 1,0 млн долларлык бал экспорттоо боюнча меморандумга кол коюлган.
Бир айыл – бир продукт
«Бир айыл –бир продукт” улуттук долбооруна кулпунай, малина, бал жана балык продукциялары сунушталган.
2024-жылы балчылардын 2 жолу райондук жыйыны өткөрүлгөн. Азыркы кезде «Кетмен-Төбө өрөөнүнүн бал аарычыларынын биримдиги» коомдук бирикмеси тарабынан “Кетмен-Төбө тоо балы” товардык белгисин Кыргызпатенттен каттоо иштери жүрүүдө.
Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Мазар-Суу айылында, А. Суеркулов айыл аймагынын Көтөрмө айылында «Үй шартында кулпунай жана малина өстүрүү» темасында семинарлар өткөрүлгөн жана дыйкандарга жеринен кулпунайды, малинаны өстүрүү ыкмалары көрсөтүлгөн. Семинарга айыл аймакта жашаган кызыктар ишкерлер катышкан. Жылдан жылга райондун аймагында кулпунайдын, малинанын аянттары көбөйүп, жалпы 20 гектарга жеткен.
Жеңилдетилген насыялар
Токтогул районунун чарба өндүрүүчү дыйкандарына колдоо көрсөтүү максатында берилген мамлекеттик насыялардын кайтарымынын графигине ылайык 2024-жылы 17,6 млн сом топтолуп, план 103,7% аткарылган. Ошол эле мезгилде Япон грантынын кайтарылышы 97,4%, мүлк активинин кайтарылышы 98,0% түзгөн. 2024-жылдын 12
айында “Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоорунун алкагында райондун аймагындагы 347 айыл чарба товар өндүрүүчүгө жалпы суммасы 128,4 млн сомдук жеңилдетилген насыялар берилген. Анын ичинен, талаачылыкка 5 адам 9,2 млн сом, мал чарба багытында 342 субъекти 52,4 млн сомдук насыяларды алышкан.
Ошондой эле райондун аймагындагы банктар, микрокредиттик компаниялар аркылуу 21186 кардарга 2 млрд 626 850 миң сомдук насыялар берилген жана ар бир насыянын орточо көлөмү 124,0 миң сомду түзгөн. Өткөн жылга салыштырмалуу берилген насыялардын көлөмү 21,4% жогорулаган жана 5305 адамга көп насыялар берилген. Ушул эле мезгилде эмгек мигранттарынан 34990 жолу 1 млрд 130 млн 34 миң сом акча которулган. Ар бир акча которуунун орточо көлөмү 29 миң сомду түзгөн.
Оңдолгон жолдор
№23, №30 жол тейлөө ишканалары тарабынан 2024-жылдын 12 айында жалпы 128 797,0 млн сомдук иштер аткарылган. №23 жол тейлөө ишканасы тарабынан республикалык маанидеги Торкен – Толук автожолунун 3,0 км, капиталдык салымдар беренеси боюнча Токтогул – Беш-Таш автожолунун 2,3 км аралыгына асфальт төшөлгөн. Андан сырткары Токтогул шаардык мэриясынын Бала-Чычкан жана Жаңы-Жол айылдарында 2,6 км асфальттанган. Торкен – Толук – Сары-Камыш автожолунун 10 чакырымына шагыл төгүлгөн.
№ 30 жол тейлөө ишканасы тарабынан Үч-Терек – Өзгөрүш автожолунун 3 км асфальт басылган. Ушул эле автожолдун Ничке-Сай – Бууракан айылдарындагы 5,0 чакырым аралыгына кум, шагыл төгүлүп, тегиздөө жумуштары аткарылган. Андан сырткары Үч-Терек – Өзгөрүш автожолунун 7-чакырымынан узундугу 4,7 чакырым аралыгында капиталдык оңдоо иштери аткарылган. АРИСтин каржылоосу менен Токтогул
шаарынын Кара-Суу айылында 1,0 км көчө асфальтталган. JICA Япон агенттиги тарабынан Бишкек – Ош автожолунун 216 км (Ала-Бел ашуусунда) 6 км кар күрткүсүнө каршы курулмалар курулган. 2024-жылы райондун аймагындагы ички чарбалык жолдордо жалпы 60,2 млн сомдук иштер аткарылган. 115,1 км жол шагылданып, 360,6 км жол сүздүрүлгөн, 18 көпүрө оңдолгон, 9,2 км көчөлөрдө түнкү жарыктандыруу орнотулган, 1,7 км тротуар курулган.
Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”