whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
30.04.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомАталардын үй-бүлөдө, коомдо орду өзгөчө

Аталардын үй-бүлөдө, коомдо орду өзгөчө

Кыргызстанда 15-март — Аталар күнү деп расмий жарыяланган. Тиешелүү мыйзамды 2024-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш кабыл алып, Президент Садыр Жапаров кол койгон.
Мыйзам үй-бүлө институтун чыңдоого жана аталардын жоопкерчилигин жогорулатууга, коомдун өнүгүшүндө аталардын ролун жана кошкон салымын белгилөөгө багытталган. Аталар күнүн белгилөө  — балдарды тарбиялоого жана үй-бүлөсүнө кам көрүүгө жигердүү катышып жаткан аталарды даңазалоого мүмкүндүк берет. Ата менен баланын ортосундагы эмоционалдык байланышты өнүктүрүүнү, сый-урматты калыптандырууну камтыйт. Ошондой эле, бала тарбиялоо эненин гана милдети деген стереотиптерди жоюуга өбөлгө болмокчу.

Дүйнөдө кандай белгиленет?

Аталарды урматтоо майрамы, көптөгөн өлкөлөрдө белгиленет. Айталы, Орусияда Аталар күнү 2021-жылдан бери октябрдын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келет. АКШда биринчи жолу 1910-жылы 19-июнда майрамдалган. Бул майрамды түзүүнүн демилгечиси Вашингтондогу Спокан шаарынан чыккан Додди айым болгон. Анын атасы Уильям Смарт аялы төрөттөн каза болгондон кийин алты баланы жалгыз тарбиялап өстүргөн. Ал атасына жана Америкадагы балдарды тарбиялоого катышкан бардык камкор аталарга ыраазычылык билдиргиси келген.

Кийин Аталар күнү 1966-жылдан баштап Кошмо Штаттарда улуттук майрамга айланган. Убакыттын өтүшү менен башка өлкөлөр бул күндү белгилей башташкан.

Учурда Аталар күнү Корея, Түркия, Япония, Франция, Австралия, Грузия ж.б. өлкөлөрдө белгиленет. Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда 2012-жылы Энелер күнүн белгилөө да бекитилген. Ал жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде майрамдалат.

Элнура КУЛУЕВА: “Аталар күнү мамлекеттик идеологиялык багытта белгилениши керек”

“Кыргызда эзелтеден атанын орду өзгөчө. Биздин өлкөдө баланын саламаттыгы, эненин саламаттыгы менен чектелип, аталар боюнча эч кандай улуттук программаларыбыз да жок. Ошол себептен, менде аталар күнүн белгилөө боюнча идея жаралган. Ошондуктан, коомдо атанын баркын көтөрүү үчүн ушул демилге көтөрүлдү. Менин демилгемди ЖКнын депутаттарына сунуштасам Медер Алиев абдан туура кабыл алып, тез арада мыйзамдын долбоорун жазды. Албетте, коомчулук жакшы кабыл алды. Жыйынтыгында Жогорку Кеңеште бул мыйзам колдоо таап, президентибиз кол коюп берди. Ошентип, быйыл Кыргызстанда биринчи жолу Аталар күнү белгиленет. Аталар даңкталып, аталар баркталып, аталар урматталып, аларга таазим болсун”.

Улукбек ОРМОНОВ, ЖК депутаты: “Бул күндүн салтка айланышын каалайм”

“Дүйнөдө 30дан ашык өлкөлөрдө аталардын күнү, аталардын майрамы белгиленет. Аталар күнү – ата кадырын бийиктетүүгө, жаш муундарга туура тарбия берүүгө өбөлгө болот деген ишеничтемин. Ошондой эле, ата-баланын ортосундагы мамилени жакшыртууга салым кошо алат деп ойлойм. Аталар күнү салтка айланып жылдан жылга, муундан муунга калышына тилектешмин”.

Кардыгач МАНАПБАЕВА, мугалим: “Аталарды даңазалаш керек”

“Атанын милдети кандай экендигин ушул майрам аркылуу көргөзүп, үлгү кылсак, ар кайсы элди туурап бара жаткан жаштарды туура жолго, туура багытка бура алабыз. Кыргыздын чыныгы мырзалары, кыргыздын аталары, уулдары кандай болгон жана кандай болуш керек деген темада мектептерде ачык сабактарды, тарбиялык сааттарды өткөрсөк болот. Бул күн, бул майрам келечекте ата болуучу жаштарды оң багытка алып бара турган чоң идеология  болмокчу”.

 

Т.Сатылганов атындагы №69 мектептин 6-классынын окуучусу Ислам ТОКТОБОЛОТОВ:  “Дүйнөдөгү эң мыкты адамсыз, Ата!»

“Атам мен үчүн жашоодо эң кымбат адам. Атамдын ар бир кеңеши мен үчүн маанилүү, ар бир сөзүнөн кубат алам. Мага ар дайым мээрим төгүп, коргоп келет. Атамдын эмгегин, сүйүүсүн, мээримин эч качан унутпайм. Атам менен сыймыктанам. Атамдан мен чыдамкайлыкты, эмгекчилдикти, чынчылдыкты үйрөнүп келем. Сиз мен үчүн дүйнөдөгү эң мыкты адамсыз, Ата! Сиз менен сыймыктанам”.

Асыл сөздөр

  • Ата – аскалуу тоо.
    • Ата – мекен, эне – нур.
    • Ата болуш – ардак.
    • Атам өлсө да, атамды көргөн өлбөсүн.
    • Ата көргөн – ок жонот, эне көргөн – тон бычат.
    • Ата конушу ардак, ата салты – сыймык.
    • Ата сөзү уулга эм.
    • Ата сыйлаган абийир табат.
    • Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны.
    • Атаңа көрсөткөндү балаңдан көрөсүң.
    • Аталар сөзү — акылдын көзү.

Менин атам…

“Балам, балалуу болгондо билерсиң” дегендей, үч баланын апасы болуп, бала тарбиялап өстүрүүнүн түмөн түйшүгүн жон терим менен сезип, ата-эненин милдетин аткаруу канчалык кыйын экенин түшүнгөндөймүн…

Биз темирдей катуу тартипте өстүк. Атамдын сүрүнөн эле коркот элек. Көчөнүн башынан машинасынын үнү угулганда, ойноп жаткан оюнчугубузду ыргытып жиберип, китеп кармап отуруп калчубуз. Азыр ойлосом, бизди билимдүү болсун деген аракети тура. Атам Арзыбек сыртынан сүрдүү көрүнгөнү менен, бизге абдан эле мээримдүү ата болуптур…

Бир окуя дайыма эсимден кетпейт. Биз бала кезде кыш узакка созулуп, кар ушунчалык калың жаайт эле. Күрөндүлөрдөн киши бою көрүнбөй, үйүлгөн карлар бир далайга чейин турчу. Ал кардын үстүнө таң атпай туруп, килем, паластардын чаңын күбүчүбүз. Мен 1-2-класс-тарда окусам керек. Бир күнү эртең менен турсак, калың жааган кардан үйдүн сырткы эшиги ачылбай калыптыр. Атам бир топ убара болуп, айтор эшикти ачты. “Сен эшикке чыкпай тур, кызым. Биринчи сага жол салайын”, – деди. Ошентип, үйдөн короонун сыртына чейин жол ачты. Короонун сыртына чыгарып, бир саамга ойлонуп турду да: “Жүрү, кызым, сени окууга чейин өзүм жеткирем”-деп жыгач күрөгү менен кара терге түшүп кар күрөп, мектептин оозуна чейин мага жол салып барды. Атамдын артында мен, менин артыман башка окуучулар убашып-чубашып жалгыз аяк жол менен мектепке жеткенибиз күнү бүгүнкүдөй көз алдымда…

2004-жылы мектепти аяктап, студент болуп шаарга келдим. Атам апам экөө эт-ашын, сары майын артынып алып бат-баттан келишет. 1-курска кирерим менен белекке мобилдик телефон алып беришти. Группада айылдан келген студенттерден биринчилерден болуп менде болду андай телефон. Атам жүк ташуучу машина айдагандыктан, жумуштап бир жумада же 10 күндө бир келип кетип турар эле. Келбей калган учурда айылдан Карагөө ашуусуна чейин келип, ашуунун 3,5 миң бетр бийиктиктеги белине чыгып, мага телефон чалып сүйлөшүп, анан кайра артка кетчү (ашууда байланыш операторунун антеннасы бар болчу). Анда биздин райондо мобилдик телефон тарта элек эле. Азыр ойлосом менин акыбалымды сураш үчүн атамдын канча аралыкты басып, атайын ашууга келип кеткенин баалачу деле эмес экемин…

Атам 12 бир туугандын эң улуусу. Ини-карындаштарына жол көрсөткөндөн,  акыл насаатын айткандан тайбайт. 4 баладан 8 неберелүү болду. Өмүр бою шоопурлук кызматты аркалап, азыр ардактуу эс алууда.

Бүгүнкү күндө жакшы ата-эне болуу, мыкты балдарды тарбиялоо үчүн эмне кылышым керек деп көп изденем. Көптөгөн китептерди окуп, психологдордун кеңешин укканым менен бала кездеги ата-энемдин айткан сөздөрүн көп эстейм. Уядан көргөн, билген ыкмаларды колдонуп калам.

А.Акимбаева

Бетти даярдаган Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар