Долбоордун жалпы наркы 1 миллиард 350 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул демилге министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин август айындагы жумушчу сапарынын жыйынтыгында көтөрүлүп, жергиликтүү тургундардын суроо-талаптарынан улам колдоо тапкан.
Бүгүнкү күндө Өзгөн районунда 290 миңден ашык адам жашайт, калктын саны жыл сайын өсүп жатат. Калктын көбөйүшү менен медициналык кызматтарга болгон муктаждык да жогорулап, жаңы оорукана куруу зарылчылыгы жаралган.
Саламаттык сактоо министрлиги иштеп чыккан долбоор боюнча курулуп жаткан бул жаңы оорукананын баасы 1 млрд 350 млн сом болуп, анын каражаты президенттин 2025-жылдын 3-сентябрындагы №291 тескемесине ылайык Турукташтыруу фондунан бөлүнөт.
Курулуш иштерин президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы жүргүзөт.
Жаңы оорукананын ишке кириши Өзгөн районунун тургундарына сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүүгө шарт түзүп, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошот.

