Акыркы жылдардагы, анын ичинде соңку айлардагы адам өлүмүнө апкелген жол транспорт кырсыктары Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгын стандарттык эмес кадамдарга түртүп жатат. Дегенибиз, 19-мартта борбор калаабыздын Апсамат Масалиев көчөсүндөгү жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк алынып салынды. Мунун себебин Бишкек патрулдук милиция башкармалыгы жол транспорт кырсыктарынын санын азайтуу жана жол коопсуздугун жогорулатуу үчүн кабыл алынган чечим болгону менен түшүндүрүштү.
16-мартта болгон Апсамат Масалиев көчөсүндөгү жол транспорт кырсыгындагы окуянын төркүнү мындай. Болжол менен саат 17.40тар чамасында 22 жаштагы кыз жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн жол эрежесине ылайык өтүп келаткан. Ошол маалда Дооронбек Садырбаев көчөсү тараптан Тыналиев көчөсү тарапка келаткан үч машинанын экөөсүнүн айдоочулары кызды көрүп токтошкон, ал эми алардан бир аз арткараак келаткан “Мерседестин” айдоочусу машиналардын токтоп калганына карабастан жолун улантып, өтмөктөн өтүп бараткан кызды сүзүп кеткен. Айдоочунун алабармандыгынан улам он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек кыз каза тапкан.
17-мартта шаардык кызматтар 22 жаштагы кыз каза болгон өтмөктөгү жол сызыктары даана көрүнсүн деп жаңылап үстүнөн сырдашкан, болбой эле ошол сызыкты жаңырткандан эки саат өтпөй башка бир айдоочу кутургандай айдап баратып дагы бир жөө жүргүнчүнү коюп кеткен.
Жергиликтүү жашоочулардын айтымында Апсамат Масалиев көчөсүндөгү жолдун ушул бөлүгүндө жол белгилери бажырайып тургандыгына карабастан жөө жүргүнчүлөрдү коюп кеткен же коюп кетүүгө аз калган учурлар көп болот. Ал эми патрулдук милиция башкармалыгы буга дарактардан улам жол жакшы көрүнбөгөндүгү жана ылдамдыктын жогорулугу себеп болууда деген пикирде. Айтор кандай болгондо да, айдоочулар жолдо жүрүү эрежелерин одоно бузууга жол беришип, жол кырсыктарынын көп кайталануусуна алып келип жатканы факт.
Бишкек патрулдук милиция башкармалыгынын жол транспорт кырсыктарынын санын азайтуу жана жол коопсуздугун жогорулатуу тилеги жакшы, аны баарыбыз колдоого алабыз, арийне жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктү алып салуу чечими бизге 19-кылымдагы луддиттер кыймылын эске салды.
Луддиттер кыймылы 18-кылымда жашаган Эдуард Лудлэм аттуу британиялык токуучунун ысымы менен байланышкан. Эдуард Лудлэм аттуу британиялык токуучу 1779-жылы станоктор адамдарды өндүрүштөн сүрүп чыгарат, жүздөгөн жумушчулар технологиялык революциянын аркасында жумушсуз калышат деп кыжырдануу менен байпак токуган станоктун эки рамасын сындырып салганы тарыхтан белгилүү. Ошол окуядан кийин ушул сыяктуу окуялар көп кайталанган. 19-кылымда пайда болгон луддиттер кыймылынын мүчөлөрү Англиядагы өнөр жай революциясынын жүрүшүндө станокторду ишке киргизүүгө каршы чыгышкан. Алар станокторду талкалап, парламентке машиналарды колдонууга тыюу салуу талабы менен чыгышкан. Бул талаптар натыйжа бербеген соң, алар түз эле фабрикалардагы станокторду талкалап, өрт коюп, зыян келтирүүгө аракет кылышкан.
Жумушчулар станоктор өнөр жай өндүрүшүнүн ажырагыс бир бөлүгү, турмуштук зарылдык экендигин жана алар эч качан адамдарды алмаштыра албай тургандыгын моюндарына алгылары келген эмес. Андан бери технологиялар канчалык өстү, өндүрүш дээрлик автоматташты, бирок, улам кийинки алдыңкы технологиялар да адамды алмаштыра алган жок. Бүгүн жасалма интеллект пайда болуп, анын тегерегинде деле ар кандай суроолор бар, арийне жасалма интеллект да адамды алмаштырышы мүмкүн эмес.
Анысы кандай, 16-марттагы жана 17-марттагы Апсамат Масалиев көчө-сүндөгү жол кырсыгында жөө жүргүнчү да, жөө жүргүнчү өтүүчү өтмөк да күнөөлүү эмес экендиги талашсыз факт. Кеп өлөр-тирилерине карабай айдаган алабарман айдоочуда. Болбосо, берки машиналар токтогондон кийин ал да автоматтык түрдө айттырбай, дедирбей токтошу керек болчу.
Башка бир турмуштук мисалдарга кайрылалы. 16-мартта Бишкек шаарынын 7-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан алты жаштагы кыз кулап кетип, оор жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилип, врачтардын аракетине карабай жан берсе, ошол эле күнү Үмөталиев көчөсүндөгү көп кабат үйдүн 9-кабатынан эки жана төрт жаштагы балдар кулап кетишкен. Экөө да дароо жан беришкен. Ушундай эле окуя былтыр Санкт-Петербургда болуп, кыргызстандыктын беш жаштагы кызы кулап кеткен.
Эгер Бишкек патрулдук милиция башкармалыгынын логикасы менен алсак, анда эси кире элек балдар кулабасын үчүн алдын алып, терезелерди да бүтөө керек. Парадокс мына ушунда.
Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу жана жол транспорт кырсыктарын азайтуу үчүн кабыл алган патрулдук милициянын чечимин “Луддиттер кыймылына” салыштырганыбыз ошондон улам. Албетте, биз адам өмүрү үчүн мындай коркунучтуу өтмөктөрдү алып салууга макулбуз. Маселе, ошентип коркунучтуу делген жөө жүргүнчүлөр өтмөктөрүн алып салганда эле жол транспорт кырсыктары болбой калабы, кеп ошондо.
Үстүбүздөгү жылдын 11-январында кечки саат 21.10 чамасында Сузак районунда жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзгөнү аз келгенсип, кырсык болгон жерден качып кеткен. Ушундай эле окуя Кадамжайда да болгон. Токмокто энеси менен баласын коюп кетти. Сокулукта жөө жүргүнчүнү коюп кеткен факт катталды. Мындай окуя-лар дээрлик күн сайын республикабыздын бардык аймактарында болуп жатат. Ошол болуп жаткан окуялардын баарына жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөрдү күнөөлөөгө болбойт жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөрдү алып салуу менен маселе чечилбейт.
2024-жылы 1-январдан 25-апрелге чейинки аралыкта өлкө аймагынан 3754 мас абалындагы айдоочу кармалып, анын 65и жол транспорт кырсыгына учураган. Натыйжада 117 жаран ар кандай жаракаттарды алышкан жана эки киши каза тапкан.
Бизде ким көп? Мас айдоочу көп. 2023-жылдын 8-мартынан 30-ноябрына чейин 8300 мас айдоочу кармалып, күбөлүктөрүнөн ажыраган.
Акыркы эки жылда 17 миң 928 айдоочу мас абалында кармалып, айдоочулук күбөлүктөрүнөн ажыратылган. Бул эми кармалганы гана, а кармалбай жүргөн мас айдоочулар канча? Алар канчалаган кишинин убалына калып жатканы тууралуу статистика азырынча жок.
Эң соңку мисалдардан айтсак, 14-февралдан 15-февралга караган түнү борбор калаада Бишкек патрулдук кызматы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан рейд жүрүп, 1242 жолдо жүрүү эрежесин бузууларды кармаган. Мына ушулардын 45и мас абалында рулга отургандар болгон. Ал эми орозо айынын биринчи жумасында 23 миң 266 жол эрежесин бузуу катталып, 108и мас айдоочулар болушкан. Жадагалса орозо айында да жинди суудан ичпей кое алышпаган.
Демек, биз жол транспорт кырсыктары үчүн чыныгы күнөөлүүлөрдү тапкыбыз келсе, адам өлүмүнө апкелген жол кырсыктарын азайткыбыз келсе, анда анын чыныгы себептерин табышыбыз керек. А андайлар мас айдоочулардын арасынан табылат го деген ойдобуз.
Жол кырсыктарынын дагы бир күнөөкөрлөрү булар ылдам айдаганды жакшы көргөндөр десек болот. Үстүбүздөгү жылдын 3-9-мартындагы бир жума аралыкта 4 миң 174 айдоочу жогорку ылдамдыкта айдап кармалышкан. Каалайбызбы же жокпу, бул да ойлончу маселе.
Демек, биз жол транспорт кырсыктарынын санын азайталы жана жол коопсуздугун жогорулаталы десек, анда биз жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөрдү алып салуу аркылуу эмес, мас айдоочуларга жана ылдам айдагандарга карата жазаларды күчөтүү аркылуу гана бул маселени чечүүгө болот.
Азыркы аракеттеги кодекс боюнча транспорт каражатын башкарган айдоочу мас абалында же баңги заттарын чегип алып кармалса, бир жылга айдоочулук укугунан ажыратуу каралган. Ал эми материалдык чыгым же адамдын ден
соолугуна зыян келтирсе, үч жылга ай-доочулук күбөлүгүнөн ажыратылат.
Чындыгында, биздин мыйзамдар жана кодекстер өтө эле гумандуу. Жол кырсыгынан улам адам ден соолугунан жабыр тартса же адам өмүрү кыйылса, ошого кириптер кылган айдоочуларды кантип кайрадан рулга отургузууга, байкоосуздуктан улам болгон жол кырсыгы деп айдоочуну актоого болобу? Албетте болбойт. Бирок, бизде андайлар акталып эле жатпайбы?
Россияда жөө жүргүнчүнү коюп кеткен айдоочуга катуу жазалар каралган. Ал эми жол кырсыгында адам өмүрү кыйыл-ган болсо, анын күнөөкөрлөрү сөзсүз түрмөгө отурат. Биздин оюбузча, Кыргызстанда адам өлүмүнө апкелген жана адамдын ден соолугуна зыян келтирген айдоочуларга карата жазаларды катуулатуу керек. Айдоочунун кесепетинен адам өмүрү кыйылса, 15 жылдан 25 жылга чейин абакка кесүү жазасы каралса, айдоочулар абайлап айдап калышмак. Болбосо, адам өлүп жатса, анүчүн айдоочуну күбөлүгүнөн ажыратып тим коюу бул аны маңдайынан сылоо менен барабар. Жол транспорт кырсыктарынын жылдан жылга көбөйүп жаткандыгынын себеби эле жолдо жүрүү эрежелерин бузгандарга карата жазалардын жеңилдиги жана айып пулдардын аздыгы.
Инфляция өсүп жатат, ошого жараша айып пулдар да көбөйүшү шарт. Ал эми жол транспорт кырсыктары үчүн кодекске катуу жазаларды киргизүү мезгил талабы деп ойлойбуз.
2024-жылдын алты айында 3060 жол транспорт кырсыгы катталып, анын натыйжасында 280 киши каза болгону мына ошондон кабарлап турат. 2023-жылы авариялардан улам 783 киши каза тапкан. Бул күнүнө республиканын жолдорунда жол транспорт кырсыгынан экиден адам өмүрү менен кош айтышат дегенди билдирет. Демек, жол өтмөктөрүнө каршы эмес, адам өмүрүн ойлобогон айдоо-чуларга каршы күрөш жарыялаганыбыз жөн.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”