Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстанда Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылды

Кыргызстанда Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылды

Бүгүн Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимовичтин расмий сапарынын алкагында Кыргызстанда аталган өлкөнүн Ардактуу консулдугу ачылды.

Ачылыш аземинде консулдук эки өлкөнүн жарандары жана бизнес-коомчулугу ортосундагы байланыштарды чыңдоочу маанилүү практикалык көпүрө болору белгиленди. Иш-чарага Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Черногориядан келген делегация жана кыргызстандык ишкерлер катышты.

Жаңы дайындалган ардактуу консул Бекназар Асанов консулдуктун негизги максаты экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү экенин билдирди.

Анын айтымында:

  • эки өлкөнүн ишкерлеринин байланышын кеңейтүү иштери жүргүзүлөт;
  • Черногориядан инвесторлор Кыргызстанга кызыгуу көрсөтүүдө;
  • жакын арада ири бизнес-форум өткөрүү пландалууда;
  • түз авиакаттамдарды ачуу маселеси каралууда.

Ошондой эле Черногория тарап кичи ГЭСтерди куруу, курулуш жана өндүрүш тармактарына инвестиция салууга кызыкдар экени айтылды.

Учурда эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кызматташтыкты кеңейтүү багытында иш алып барууда.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар