Башкы беткеМаанилүүМинКаб Төрагасы Дүйнөлүк банктын башкаруучу директору менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

МинКаб Төрагасы Дүйнөлүк банктын башкаруучу директору менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Министрлер кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Америка Кошмо Штаттарына болгон жумуш сапарынын алкагында Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жолугушууларынын алкагында Дүйнөлүк банктын оперативдик маселелер боюнча Башкаруучу директору Анна Бьерде менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

МинКаб Төрагасы өлкөнүн учурдагы экономикалык абалына токтолду. Ал белгилегендей, акыркы төрт жылда экономиканын орточо жылдык өсүү темпи 10,2%ды түзсө, 2025-жылы ИДПнын өсүү темпи 11,1%га жетти.

«Жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжасында 2025-жылы 273 миңден ашык жаңы жумуш орундары түзүлдү. Жогорку экономикалык өсүш жана калктын жүргүзүлүп жаткан реформалардан оң күтүүсү 2024-жылга салыштырмалуу негизги капиталга инвестицияларды 18,4%га көбөйтүүнүн маанилүү фактору болуп калды», — деп белгиледи ал.

Адылбек Касымалиев ошондой эле Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттарынын “Өкмөттүк акселераторлор” программасы аркылуу реформаларды ишке ашыруу тажрыйбасы жана “Бир айыл – бир продукт” долбоору аркылуу айыл аймактарын колдоо жана экспортту стимулдаштыруу боюнча Япониянын тажрыйбасы сыяктуу түрдүү тармактарда алдыңкы эл аралык тажрыйбаны колдонууга даяр экенин кошумчалады.

Андан соң ал Кыргыз Республикасы үчүн эң актуалдуу жана приоритеттүү долбоорлордун бири болгон Камбар-Ата-1 ГЭСинин учурдагы абалын айтты. Биргелешкен аракеттердин аркасында долбоор боюнча жылыштар болуп жатат.

Адылбек Касымалиев ошондой эле жер шарынын калкынын 15%дан ашыгы жашаган жана дүйнөлүк таза суунун 60-80%ын камсыз кылган тоолуу аймактардын маанилүүлүгүн белгиледи. Ошол эле учурда бул аймактар климаттын өзгөрүшүнө эң алсыз экосистемалардын катарына кирет.

«Мөңгүлөрдүн тез эриши, жердин деградациясы жана табигый кырсык тобокелинин күчөшү тоолуу өлкөлөрдүн суу коопсуздугуна жана туруктуу өнүгүүсүнө коркунуч жаратууда. Ушуга байланыштуу биз Дүйнөлүк банк менен Глобалдык экологиялык фонддун өнөктөштүгү аркылуу тоолуу аймактарга инвестицияны колдоо үчүн глобалдык каржы инструментин түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырабыз», — деп белгиледи МинКаб Төрагасы.

Өз кезегинде Анна Бьерде Кыргыз Республикасынын реформаларды ишке ашыруу аракетин жогору баалап, айыл чарбасын, жашыл энергетиканы жана аймактарды өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди.

Ал адамдык капиталды өнүктүрүү демилгесинин маанилүүлүгүн белгилеп, бул өлкөнүн туруктуу өсүшүнүн жана өнүгүшүнүн ачкычы экенин кошумчалады. Ал кыргыз бийлигинин билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртуу, ошондой эле жумушчу күчүнүн квалификациясын жогорулатуу боюнча программаларды ишке ашыруу аракеттери үчүн жогору баалады.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө жана Кыргызстандын экономикасын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты. Алар инфраструктуралык долбоорлор, энергетика, айыл чарба жана өнөр жай тармактарында активдүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти. Ошондой эле эки тарап өз максаттарына жетүү жана Кыргызстандын алдында турган актуалдуу маселелерди чечүү үчүн үзгүлтүксүз диалогдун маанилүүлүгүн белгилешти.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар