Бишкекте “Манас” маданий борборунун курулушу башталды

0
1542

Бүгүн Бишкек шаарында жаңы “Манас” маданий борборунун курулушуна мезгил кутучасы салынып, долбоорго расмий старт берилди.

Иш-чарага президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев катышты.

Жаңы комплекс:

  • жалпы аянты 6681 чарчы метрди түзөт;
  • курулуш үчүн 2 гектар жер тилкеси бөлүнгөн.

“Манас” маданий борбору улуттук маданиятты өнүктүрүү, тарыхый мурастарды сактоо жана ар кандай иш-чараларды өткөрүү үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган.

Долбоорго ылайык, курулуш иштерин 2027-жылдын экинчи кварталында аяктоо пландалууда. Борбор толугу менен өзүн-өзү каржылаган маданий комплекс болуп, чыгымдарын өз кирешесинин эсебинен жабат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз