Башкы беткеМаанилүүБишкекте кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды

Бишкекте кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Бавария жана Тюрингия аймактарындагы Ардактуу Башкы консулу, кыргыз-герман Ишкердик кеңешинин герман тарабынан тең төрагасынын орун басары Райнхольд Крэммел менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар кыргыз-герман кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле 2025-жылдын ноябрында Берлин шаарында өтө турган бизнес-форумга жана Ишкердик кеңештин жыйынына даярдык маселелерин талкуулашты.

Адылбек Касымалиев эки өлкөнүн экономикалык байланыштарынын динамикалуу өнүгүп жатканын белгилеп, Ардактуу консулдар институтунун инвестиция тартуудагы жана ишкердик мамилелерди чыңдоодогу маанисин баса белгиледи. Ал ошондой эле Чолпон-Ата шаарында өткөн бизнес-форумдун жыйынтыгында узак мөөнөттүү долбоорлор боюнча меморандумдарга кол коюлганын эске салды.

Тараптар кесиптик билим берүү жана кадрларды даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Кыргызстан менен Германиянын ортосунда техникалык жана тейлөө тармактарындагы адистерди окутуу, Германиянын эмгек рыногуна керектүү кадрларды даярдоо сыяктуу багыттар өз ара кызматташтыктын артыкчылыктуу тармактары катары белгиленди.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар