Башкы беткеСаясат жана коомКоомТурист тосуу маданиятын калыптандыралы

Турист тосуу маданиятын калыптандыралы

Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, жылдын 4 мезгилинде тең туристтерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар. Кышында лыжа тебүүчү жайларды көрсөтсөк, жаздан баштап күзгө чейин жайлоолорубузду, кооз табиятыбызды туристтерге көрсөтүп акча тапсак болот. Бирок, бизде азырынча турист тосуу маданияты калыптана электей сезилет.

Өткөн жылы канча турист келди?

Ачык булактардагы маалыматтарга таянсак, 2022-жылы өлкөгө 7 миллионго жакын турист келген. Ал эми 2023-жылы келген коноктордун саны 1,5 эсеге көбөйүп, 8,5 миллион кишини түзгөн. 2024-жылы болсо, 8,9 миллион киши турист катары чек арадан өткөн.

Өткөн жылы Өзбекстандан (61,7%), Казакстандан (28,3%), Россиядан (5,6%) туристтер көп келишкен. Андан сырткары Түркия, Кытай, Малайзия, Индия, Германия, Пакистан, Түштүк Корея, АКШ, Франция, Улуу Британия, БАЭ, Белорусия жана башка өлкөлөрдөн келишет.

2024-жылдын биринчи кварталында 1,6 млн., экинчи кварталында 2,3 млн.,  ал эми үчүнчү кварталда (июль, август, сентябрь) 2,8 млн., турист келген. Туристтик сезондон өлкө казынасына дээрлик 45 млн. доллар түшкөн. Бул 2023-жылга салыштырмалуу  12,4 млн. долларга көп.

2025-жылы канча турист келет?

Бул жылы туристтик сезондун аягына чейин өлкөгө келчү туристтердин саны 10-15 пайызга жогорулап, 10 миллионго жакын болушу күтүлүүдө. 80 өлкөгө визасыз режим киргизилип, түз авиа рейстер ачылды.

Терс маалыматтардын кесепети арбын

Президенттик администрациянын маалымат саясатынын башчысы Дайырбек Орунбеков журналисттерге, блогерлерге кайрылып, туристтик сезон учурунда үрөй учурган терс маалыматтарды жайылтпоого чакырды.

“Өнүгүүнүн бирден бир булагы болгон туризм тармагына зыян тийгизбейли. Анын ордуна туристтик жайларыбызды, Кыргызстандын кооз табиятын, улуттук меймандостугубузду кеңири чагылдырып, жакшы жактарын көбүрөөк айтып, көрсөтөлү”, – деди Д.Орунбеков.

Анын айтып жатканы дагы бекеринен эмес, анткени “өлтүрүп кетти, тоноп кетти, зордуктап кетти”, – деген сыяктуу терс маанай жаратуучу жаңылыктар чынында көбөйүп кетти. Интернетке Кыргызстан же Бишкек деп жазса эле жогорудагыдай терс жаңылыктардын чыгып жатышы чынында өкүнүчтүү. Турист эң алдыда өз коопсуздугун ойлойт. Демек, кылмыштар тууралуу маалыматтар чет өлкөлүктөрдү кооптондурат, өз элибиздин ындынын өчүрөт.

Коңшу мамлекеттерде абал кандай?

Борбор Азияда турист көп келген өлкөлөрдүн бири Өзбекстан. Бул өлкөгө өткөн жылы 8,6 млн. турист кирген. 2023-жылга салыштырмалуу 1,6 млн. эсеге көбөйгөн. Коңшу өлкөгө кирген туристтердин 49,8 пайызын аял кишилер, 50,2 пайызын эркектер
түзгөн.

Өзбекстанда туризмдин төмөнкү түрлөрү кеңири жайылган: Маданий туризм, этникалык туризм, жаратылыш туризми, активдүү туризм, гастрономиялык туризм, медициналык туризм, экотуризм, диний туризм.

Ал эми Казакстанга өткөн жылы 15 миллиондон ашуун турист келген. Алардын басымдуу бөлүгүн Түркия, Кытай, индиялыктар түзөт. Бул өлкөгө туристтер орто эсеп менен 4 күн убактысын бөлүшөт. Алмата, Астана, Түштүк жана Чыгыш Казакстанга туристтер көбүрөөк барышат.

Кыргызстанда туристтерди Ысык-Көлгө, Соң-Көлгө, Оштун Сулайман-Тоосуна жана Жалал-Абаддын Арстанбабына көп алып барабыз. Бирок, андан дагы кооз жерлерибиз бар, аларга туристтер эмес, өзүбүз деле барып көрө элекпиз. Мына ушундай кооз жерлерибизге туристтерди тосууга шарттарды түзүп, аларды чакырсак неге
болбосун?

Борбор Азияга канча турист келди?

Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстанга 28,6 миллион турист кирген. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 11 пайызга көп.

Мындай темп Борбор Азия өлкөлөрүнө туристтердин активдүү кызыгып жатканынын белгиси. Түркмөнстан туу-ралуу так маалымат жок, аны эске албаганда деле Борбор Азия туризм үчүн жагымдуу өлкө катары позициясын бекемдөөдө. Кошуна өлкөлөрдүн ичинен туристтердин келиши боюнча Казакстан биринчи, Кыргызстан экинчи орунда болду. Демек, турист тосуу маданиятыбызды жогорулатсак, чөлкөмдө лидер болуу мүмкүнчүлүгүбүз жогору.

Тейлөө, кызмат көрсөтүү деңгээлин көтөрөлү

Чынын айтыш керек, бизде тейлөө сапаты эми эле жогорулай баштады. Дагы деле мыкты деңгээлге чыга электигибизди моюнга алалы. Жөнөкөй эле мисал: жолдо баратсаң туристтерди уялбай алып кире турган дааратканалар жетишсиз. Туризмди өнүктүрүү фонду тарабынан рест поинт курабыз деп ооз көптүрө айтканбыз, анысы деле бир канча жерге курулганы менен жыйынтыгы деле билинбей калды.

Ысык-Көл облусунун тургуну Назгүл Мамытова Бишкек шаарынан чыккан жүргүнчү ташуучу коомдук транспорттор акыркы дарекке чейин алып барбай коерун айтты.

“Бишкек автобекетинен Чолпон-Ата – Ананьев деп жүргүнчүлөрдү салышат. Бирок, алар Ананьев айылына жүргүнчүлөрдү жеткирбей коюшат. Алардын ичинде коомдук транспортту пайдаланган туристтер дагы болушу мүмкүн.

Мындай окуя жакында эле өзүмдүн башымдан өттү. Балдарым менен Ананьев айылына бараткам. Айдоочу Чолпон-Атага жеткенде бизди акыркы дарекке чейин жеткирбей турганын айтып, 40 мүнөт күттүрүп, арттан келген унаага салып жиберди. Айдоочунун мындай кылыгына жиним келип, социалдык тармакка жазууга аргасыз болдум. Укук коргоо органдары дароо реакция кылып, айдоочуга айып пул салышты. Айтайын дегеним, жергиликтүү тургундар унчукпай коюшу мүмкүн. Анткен менен мына ошол коомдук транспортто чет өлкөдөн келген турист бар болсо, ал экинчи Кыргызстанга келбейт. Башкаларды дагы бул жакка келбөөгө үндөйт. Майда нерселер аркылуу өлкөбүздү туристтерге жаман көрсөтүп алуудан сактаналы”, – деди Н.Мамытова.

Ички туризм менен алектенип жүргөн Бийик Рыскулов тейлөө сапатын жогорулатуу мезгил талабы экенине токтолду.

“Турист тосуу маданиятын жогорулатсак, өлкөбүздүн эл аралык деңгээлде кадыр-баркынын бийиктешине себеп болот. Биз туристтерге жагымдуу эмоцияларды тартуулашыбыз керек. Биздин өлкөбүзгө келген турист өз өлкөсүнө барганда биз тууралуу жалаң жакшы сөздөрдү айта турган болушу кажет. Ал үчүн конок тосууда жылуу мамиледе, элпек, кичи пейил болушубуз зарыл. Келген туристтин эптеп эле акчасын алууну максат кылбай, жакшы шарт түзсөк, ал кийинки жылга бизге инвестиция болот.

“Манас” эл аралык аэропорту өзүнүн базасында питомник уюштуруп, келген турист аялдарга “Кыргызстанга кош келипсиз”, – деп бир даана гүл берип койсо, бул деле сонун эмоция тартуулайт.

Дагы бир маселе, тазалык менен коопсуздукту камсыз кылышыбыз кажет. Ар бир айыл аймагы, район жетекчилери өздөрүнүн аймагын таза сактоого тийиш. Менин пикиримде ар бир айылда жок дегенде англис тилин билген, өздөрүнүн каада салтын, тарыхый жайларын туристтерге айтып бере ала турган бир гид болушу кажет. Муну керек болсо, айыл өкмөт өзү кызыктар болуп даярдоого тийиш.

Дагы бир кошумчалай турган жагдай адилеттүүлүк. Жергиликтүү тургундар үчүн бир баа, келген коноктор үчүн башка бааны айткандар көп. Мисалы, ал акчага дагы бир аз кошсо, Түркияга барып эс алып келсе болот. Андыктан турист экен деп эле каалаган бааны койбой, бардык адамдардын чөнтөгүнө чак келген бааны айтыш керек”, – деди ал.

Акыркы 3 жылдан бери Ысык-Көлдө боз үйлөрдү тигип, туристтерди кабыл алып жаткан Сымбат Максүтова чет өлкөдөн келгендерге караганда, өзүбүздүкүлөр көлгө аяр мамиле кылбай турганын айтты.

“Акыркы 3 жылдан бери Ысык-Көлдө боз үйлөрдү тигип, сырттан келген туристтерди жана ички туристтерди кабыл алып иштеп жатам. Менин байкаганым көлдүн эли турист тосуунун ыгын таап алган. Канчалык маанайы жок болуп турса да, туристтерге күлүп мамиле кылып, аларга шарт түзүп беришет. Чет өлкөлүктөр Ысык-Көлгө аяр мамиле кылышат. Ал эми өзүбүздүкүлөр көлдү аябайт, заара ушаткандар көп. Көлдүн жээгинде эл көп чогулган аймактарга акысыз дааратканаларды көбөйтүүнү жергиликтүү бийлик колго алышы керек экен. Андан сырткары желим бөтөлкөлөрдү, баштыктарды көлдүн жээгине таштабасак, ал шамал менен көлдүн астына кирип, көлдү булгап жатат”, – деди С.Максүтова.

Коштоп жүрүүчүлөрдү окуталы

Кыргызстанда туристтерди коштоп жүрүүчүлөр профессионал гиддер эместиги талашсыз. Туристтик компаниялар чет тилдерди билген жарандарды ишке алышат. Бирок, алардын көбүндө сертификаты жок десек болот. Туризм департаментинин сайтында 58 туристтик компания каттоодон өткөнүн көрдүк. Биз алардын айрымдарына байланышып, сертификаты бар коштоп жүрүүчүлөрдү сураганыбызда, андай гиддер жок экенин айтышты.

Конокторго сөздү которуп берген менен тарыхый жерлер тууралуу так, туура айтып берчүлөр чанда кездешет. Ар бир жогорку окуу жайды жылына кеминде 50-60 бала туризм жаатында аяктайт. Ошентсе да өлкөдө мыкты коштоп жүрүүчүлөр кем. Ар бир туристтик компания өлкөнүн атын чыгаруу, туристтерди тартуу үчүн гиддерин тийиштүү министрликтерден кыска мөөнөттүү курстардан болсо дагы окутуп коюшу керек. Антпесе, келген туристтерге туура эмес которуп берип койгондор да кездешүүдө. Белгилүү бир ишкер чет өлкөдөн өнөктөштөрүн чакырып, аларды тосуп алууга жалдаган туроператордун ири жолугушууга кечигип келгени аз келгенсип, “Бизде ушундай кыргызчылык”, – дегенин күйүп-бышып айтып берди.

Жыйынтыктап айтканда, ар бир жаран туристтерге мамиле кылууда өзүн сылык алып жүрсө, турист тосуу маданиятын калыптандырса, тез арада Борбор Азияда лидер болушубуз анык.

Демек, гиддерди окутуп, аларды тарыхый жерлер, каада-салт, нарк эрежелери тууралуу атайын билим берүү, туркомпаниялардын Кыргызстандын беделине шек келтирбегидей кылып, зоболосун көтөрүүгө багытталган талаптарды бекем сактоого милдеттендирүү абзел.


Султанбек Аманбек уулу, 
«Кыргыз Туусу»

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар