Кыргыз элинин руханий маданиятын комузсуз элестетүү мүмкүн эмес. Байыртадан бери муундан муунга өтүп келген комуз күүлөрү философиялык ойду, жашоо-турмушту жана улуттун маданий өзгөчөлүгүн чагылдырган.
Кыргызстанда кылымдарды карыткан бул улуу аспапка урмат көрсөтүү иретинде 9-сентябрь — Комуз күнү катары белгиленет. Бул майрам 2019-жылы президенттин жарлыгы менен бекитилген. Анын максаты — коомду бириктирүү, элдердин биримдигин бекемдөө жана этностор аралык маданий диалогду кеңейтүү.
Комуз тууралуу
Комуз — кыргыз элинин эң байыркы кылдуу чертме музыкалык аспабы. Ал өрүк, жаңгак, арча сыяктуу жыгачтардан чабылып, баш, моюн, тулку, чара, капкак, тепке, үч кулак жана үч кылдан турат. Узундугу орто эсеп менен 90 смге жетет.
Тарыхый булактарда комуз VIII кылымдан тартып эскерилет. Белгилүү чыгармаларда, анын ичинде Махмуд Кашгаринин «Түрк тилдеринин сөздүгүндө» жана «Китаби Деде Коркут» эпосунда комуз тууралуу маалыматтар бар. Ошондой эле кытайлык Тан династиясынын (VII–X к.) доорунда кыргыздар падышага комуз белекке берип, ал аспап Японияга чейин жеткени жазылган.
Комуздун мааниси
Комузду кыргыз эли «чертме аспаптардын атасы» деп атап келген. Ал жөн гана музыкалык курал эмес, кыргыздын тарыхын, маданий мурасын жана дүйнө таанымын алып жүрүүчү символ болуп саналат.
Ар жылы белгиленүүчү Комуз күнү — бул улуттук маданиятка болгон сый-урматты даңазалоо менен бирге, дүйнөгө кыргыздын улуу мурасын таанытуу мүмкүнчүлүгү.

