Башкы беткеМаанилүүКыргызстанда такси тарифтери мамлекеттик көзөмөлгө алынат

Кыргызстанда такси тарифтери мамлекеттик көзөмөлгө алынат

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев «Биринчи радионун» эфиринде Кыргызстанда такси кызматтарынын тарифтери мамлекет тарабынан жөнгө салынарын билдирди.

Анын айтымында, учурда такси рыногунда «Яндекс» компаниясы үстөмдүк кылууда. Буга байланыштуу өкмөт компания өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардын ишин жөнгө салуу чараларын иштеп чыгууда.

«Жылдын аягына чейин бардык такси кызматтары лицензиялык системага өтөт. Ошондой эле мамлекет тариф маселесин жөнгө салат жана компаниялар белгиленген эрежелерди сөзсүз аткарууга тийиш», — деди Амангелдиев.

Ал мындан ары такси тармагындагы иштер улана турганын жана мамлекет баалардын туруктуулугун камсыздоого ниеттенгенин кошумчалады.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар