Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыМарстан түшкөн эң чоң таш Нью-Йоркто аукционго коюлду

Марстан түшкөн эң чоң таш Нью-Йоркто аукционго коюлду

Нью-Йорк шаарындагы Sotheby’s аукционунда Жер бетинде табылган эң чоң марсиандык метеорит — салмагы 25 килограмм болгон NWA 16788 ташы сатыкка коюлду. Анын баасы 2–4 миллион доллар аралыгында бааланууда. Бул тууралуу Euronews жазды. 

Аукцион үйүнүн маалыматына ылайык, бул таш болжол менен 225 миллион чакырым алыстан, Марстын бетинен астероиддин соккусунан соң учуп чыгып, Сахара чөлүнө кулаган. Аны 2023-жылы Нигердеги Агадез аймагынан метеорит изилдөөчү таап чыккан. Метеорит башка табылган марсиандык таштарга салыштырмалуу 70%га чоң жана Жердеги бардык марсиандык материалдын 7%ын түзөт.

Калың кызыл-күрөң түстөгү бул таш 375 мм узундукта, 279 мм туурасында жана 152 мм бийиктикте. Анын бетинде жылтырак катмар бар — бул таш жердин атмосферасынан өтүп келе жатып ысып кеткенин көрсөтөт.

Аукциондо ошондой эле 150 миллион жыл мурун жашаган жаш цератозаврдын скелети да коюлат. Узундугу 3 метрге чукул бул динозаврдын сөөктөрү 1996-жылы АКШнын Вайоминг штатындагы Bone Cabin аттуу тарыхый аймактан табылган. Анын баасы 4–6 миллион доллар деп белгиленген.

Бул өзгөчө экспонаттар биринчи жолу ачык аукционго коюлуп жатат. Сатып алуучу дүйнөлүк табигый тарыхтын уникалдуу бөлүгүн ээлик кылууга мүмкүнчүлүк алат.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар