whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.02.2026
5.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарМекенине кайткан мигранттарга колдоо көрсөтүлүүдө

Мекенине кайткан мигранттарга колдоо көрсөтүлүүдө

Баткен облусунда чет өлкөдөн мекенине кайтып келген эмгек мигранттары “Мекеним 1+1” программасынын алкагында ишкерликти өнүктүрүп жатышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.

Бүгүн эмгек министри Канат Сагынбаев Баткен шаарында пилоттук негизде ишке ашырылып жаткан “Мекеним 1+1” программасынын катышуучусу менен жолугуп, долбоордун жүрүшү менен таанышты.

Программа чет өлкөдө эмгектенип тапкан каражатын Кыргызстанда бизнеске же узак мөөнөттүү долбоорлорго инвестициялоону каалаган мигранттарды жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоого багытталган.

“Мекеним 1+1” механизминин негизинде мигрант өз каражатынан белгилүү өлчөмдө салым кошуп, ага тең өлчөмдө гранттык колдоо алат. Бул каражаттар жеңил өнөр жай, туризм, билим берүү, IT, өндүрүш, транспорт жана логистика тармактарында ишкерликти өнүктүрүүгө жумшалат.

Азыркы тапта өлкө боюнча 59 мигрант грант алып, чакан жана орто бизнести жүргүзүүдө. Алардын бири — Баткен шаарында ачылган Азатбек Заирбековдун “Бон Экспрессо” кофейнясы. Ишкер долбоорго 500 миң сом жеке каражатын салып, кошумча 206 миң сом грант алган. Натыйжада ишкананын күнүмдүк орточо кирешеси 9 миң сомду түзүүдө.

Эмгек министри Канат Сагынбаев бул программа жаңы жумуш орундарын түзүүгө, аймактык экономиканы чыңдоого жана ишкерликти колдоого багытталган натыйжалуу механизм экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, Баткен облусунда 38 жаран аталган долбоорго катышып, бул программанын аймактагы жогорку суроо-талапка ээ экенин жана ишкерлик потенциалдын өсүп жатканын айгинелейт.

Гезит

Окурман журтту кайра жаратуу

Жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезити китеп окуу маданиятын калыптандыруунун актуалдуу маселелерин талкулоо максатында “Окурман журтту кайра жаратуу” аттуу тегерек үстөл өткөрүп, ага Кыргыз Республикасынын...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар