РИА Новостинин маалыматына ылайык, Европа Биримдиги 2022–2025-жылдар аралыгында Украинага дээрлик 50 миллиард доллар көлөмүндө каржылык жардам көрсөткөн. Бул каражаттын 90 пайыздан ашыгы насыя түрүндө берилген.
Бирок жакында Украинанын Улуттук антикоррупциялык бюросу менен Коррупцияга каршы адистештирилген прокуратуранын ыйгарым укуктарын чектеген мыйзам кабыл алынгандыгына байланыштуу, Евробиримдик Украинага болгон бардык каржылык колдоону убактылуу токтотту.
Европа Биримдиги 2022-жылдын февраль айынан 2025-жылдын июль айынын ортосуна чейин Украинага жалпы 48,6 млрд. доллар бөлгөн. Анын ичинен 44,3 млрд. доллар насыя, ал эми калган бөлүгү кайтарымсыз жардам катары берилген.
Украинаны каржылоодо алдыңкы беш донор мамлекетке төмөнкүлөр кирет:
– АКШ – 30,2 млрд. доллар
– Япония – 8,7 млрд. доллар
– Канада – 5,4 млрд. доллар
– Улуу Британия – 3 млрд. доллар
Ал эми эл аралык уюмдардын ичинен башкы донорлор катары:
– Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) – 13,4 млрд. доллар насыя
– Дүйнөлүк банк – 5,3 млрд. доллар жардам көрсөткөн

