Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыАКШдагы торнадодо 34 киши каза болду

АКШдагы торнадодо 34 киши каза болду

Америка Кошмо Штаттарынын борбордук жана түштүк штаттарын каптап, кеминде 34 адамдын өмүрүн алган торнадо болду. Кырсыктан эң көп Миссури штаты зыянга учурады. Ал жерде 12 адам каза болгону маалымдалды.

«Канзас штатында катуу кум бороондон улам 50 унаа кагышып, кеминде сегиз киши каза болду. Оклахома штатында, Техас штатында бир адам каза болду, Амарилло округундагы чаң бороонунан үч адам каза болду»,— деп билдирет CBS мамлекеттик коопсуздук департаментине шилтеме берүү менен.

Улуттук метеорологиялык кызматынын аба ырайын болжолдоо борборунун маалыматы боюнча, катуу шамал чагылган, мөндүр жана торнадолорду алып келиши мүмкүн.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар