Башкы беткеМаанилүүПрезидент Ысык-Көлдө скутерди колдонуу боюнча мыйзамга кол койду

Президент Ысык-Көлдө скутерди колдонуу боюнча мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө суу мотоциклин (гидроциклди) жана скутерди колдонуу боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы бүгүн, 17-мартта билдирди.

Мыйзам 13-февралда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамда экологиялык ченемдерди жана коопсуздук эрежелерин милдеттүү түрдө сактоо менен Ысык-Көлдүн атайын бөлүнгөн туристтик зоналарында, адамдардын жана эс алуучулардын массалык топтолуусу жок жерлеринде төрт такттуу кыймылдаткычы жана электр кыймылдаткычы бар суу мотоциклин (гидроциклди, скутерди) пайдаланууга уруксат берилген.

Бул мыйзамды бузган жеке жактарга 5 миңден 15 миң сомго чейин, ал эми юридикалык жактарга 10 миңден 20 миң сомго чейин айып салуу жоопкерчилиги каралган.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар