whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
30.04.2025
25.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүҮрүмчү-Ош аба каттамынын ачылышын тездетүү талкууланды

Үрүмчү-Ош аба каттамынын ачылышын тездетүү талкууланды

Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (СУАР) жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал Үрүмчү шаарында Кытай коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, СУАРдын Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолукту.

Жолугушууда эки тарап 2030-жылга чейин Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда соода жүгүртүүнүн көлөмүн 45 млрд долларга жеткирүү маселесин талкуулашты.

Ошондой эле, кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Бедел” көзөмөл өткөрүү пунктун жана “Барскоон-Бедел-Учтурфан-Аксу” унаа жолун курууну тездетүү тууралуу сүйлөшүштү.

Мындан тышкары тараптар “Үрүмчү – Ош” жана “Кашгар – Ош” жаңы аба каттамдарын ачуу маселесин карашып, кошумча авиакаттамдардын ачылышы соода-экономикалык, туристтик жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар