«Кумтөр» экологиялык кырсык болушу мүмкүн деген дооматтарды четке какты.
Экологиялык кырсык болушу мүмкүн деген дооматтар негизсиз. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» ишканасынан билдиришти.
«Улуттук илимдер академиясынын кызматкери Адилет Усупбековдун экологиялык кырсык тууралуу пикиринин эч кандай объективдүү негизи жок.
Учурда бош тоо тектердин иш жүзүндөгү жылуусу 2023-жылдагы болжолдун тегерегинде жана 2025-жылдагы болжолго жеткен жок. Бош тоо тектердин 2025-жылдагы чегине чейин 160 метр, ал эми Кумтөр дарыясына чейин бир километрге жакын аралык бар экенин белгилей кетүү керек.
Изилдөөлөрдүн натыйжалары бош тоо тектердин геотехникалык абалынын өзгөрүшүн болжолдоого жана алардын туруктуулугун камсыз кылуу, көчкү, суулардын булганышы сыяктуу экологиялык тобокелдиктерди алдын алуу боюнча сунуштарды берүүгө мүмкүндүк берет»-, деп айтылат билдүүдө.