Башкы беткеЖогорку Кеңеш«ЖМК жөнүндө» мыйзам биринчи окуудан өттү

«ЖМК жөнүндө» мыйзам биринчи окуудан өттү

Кечээ, Жогорку Кеңештин жыйынында «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

Министрлер Кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун маданият министринин орун басары Марат Тагаев тааныштырды.

Мыйзамдын максаты КР Конституциясында белгиленген жана кепилденген ар бир адамдын өз оюн эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине, маалыматты алууга жана жайылтууга болгон укугун ишке ашырууга, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга жана бул укуктарга байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салууга, ошондой эле көз карандысыз, жооптуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү жалпыга маалымдоо каражаттарын түзүүгө өбөлгө боло турган жалпыга маалымдоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган.

Ушуга байланыштуу ЖМКларды каттоонун, кайра каттоо жана алардын ишмердигин токтотуу, маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүнүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердигин уюштуруунун ченемдерин жана журналисттердин кесиптик ишмердиги менен байланышкан башка ченемдерди иретке келтирүү сунушталууда.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар