whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.04.2025
11.8 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыТүркияда кармалгандардын саны 1879 адамга жетти

Түркияда кармалгандардын саны 1879 адамга жетти

Түркияда нааразылык акцияларында кармалгандардын саны 1879 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Али Ерликая билдирди. Анын айтымында, учурда 260 адам соттун чечимин күтүп камакта, 662 иш сотто каралууда, 489 киши бошотулду. Протесттер маалында 150 полиция кызматкери жаракат алган. Өкмөт митингдерге тыюу салууну 1-апрелге чейин узартты.

Ошондой эле нааразылык акцияларын чагылдырган жети журналист кармалып, кийин бошотулду. Аларга мыйзамсыз жыйынга катышуу айыбы коюлган. BBCнин кабарчысы өлкөдөн чыгарылды. Власти төрт оппозициялык телеканалга каршы чараларды көрдү: SZC TV, Halk TV, Tele1 жана Now TV.

Протесттер бир жумадан бери уланып жатат. Алар Стамбулдун мэри Экрем Имамоглунун камалышына байланыштуу башталган. Оппозиция аны 2028-жылдагы президенттик шайлоого талапкер катары көрсөткөн. Тергөөчүлөр аны коррупция, уюшкан кылмыштуулук жана терроризм боюнча айыптоодо. Имамоглу бул дооматтарды четке кагууда.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар