Башкы беткеРубрикаларЭкономикаКыргызстан Кытай рыногуна экспортту кеңейтүүдө

Кыргызстан Кытай рыногуна экспортту кеңейтүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кытайга айыл чарба продукцияларын экспорттоону кеңейтүү боюнча беш жаңы ветеринардык-санитардык протоколду даярдоону баштады. Документтер термикалык иштетилген уй, кой-эчки эти, муздатылган жылкы эти, жылкы териси жана жылкы тукумундагы тирүү малды экспорттоого жол ачат.

Протоколдор кабыл алынса, Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүгү кеңейип, ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогорулайт.

Учурда Кыргызстан Кытайга 32ден ашык айыл чарба жана азык-түлүк товарларын экспорттоого укук алган. Министрлик экспорттоочуларды коштоп жүрүү, талаптарды аткарууга көмөк көрсөтүү жана жаңы товарларды илгерилетүү боюнча иш алып барууда.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар