Башкы беткеМаанилүүМашиев Кумтөрдө 261 тонна алтындын запасы бар экенин айтты

Машиев Кумтөрдө 261 тонна алтындын запасы бар экенин айтты

Кумтөр кенинде дагы 261 тонна алтындын запасы бар. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев 26-мартта Бишкекте өткөн брифингде айтты.

“Кумтөрдө 127 тонна алтындын тегерегинде запас калган болчу. 2024-жылы жана ага чейин жүргүзүлгөн чалгындоолордун негизинде Мамлекеттик запастар боюнча комиссиянын отурумунда 147,5 тонна алтын кошумча запаска алынды. Ошонун жыйынтыгы менен Кумтөрдүн бүгүнкү күндөгү запасы 261 тонна”, — деди ал.
Бирок Медер Машиев айтып жаткан 127 жана 147 тоннаны кошкондо 274 тонна чыгып жатат. Ал буга тактоо киргизген жок.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасы 2024-жылы 12,5 тонна алтын өндүрүүнү пландаган. Азырынча ушул күнгө чейин канча алтын өндүрүлгөнү тууралуу маалымат жок.

“Кумтөр” 2023-жылы Кумтөр кенинен 14 тонна алтын өндүрүү планын коюп, соңунда 13 тонна 567 килограмм алтын алган.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар