(Аңгеме)
Айылда эле 3 үй ары жактагы инисинин тоюна атам коюн жетелеп, апам себетин көтөрүп расмий конок болгону жөнөдүк. Бир маалда апам чочугандай арт жакта аяк-быякты элеңдеп чыбык издеп жаткан мага «Чурка, төрдө мейман жууркандардын үстүңкү кабатында ич жагынан бүктөлүп жыйылган атаңдын жаңы пальтосун алып чык» – деди. Атамдын ээ койчу аа, ушу тойго дагы жасанып, уят эмеспи дегенин уккусу да келген жок. Мен шуулдап, тойду таппай кала тургансып, атамдын пальтосун тышкы үйгө эле ыргытып апамдарга жете келгенимде, апам атама угузбай «тебетейин дагы жаңылап коюшубуз керек экен, анын арасы жеңил эле көп болсо 4-5 тооктун акчасы да» деп койду. Дегени пальтону алыш өзүнчө узун сабак окуя эле:
Жылына бир жолу жалгыз уюбуздун торпогун сатабыз. Бул жолку торпоктун акчасына атама пальто алуу кезеги экен. Апам экөө качан сүйлөшүшкөн билбейм, жөнөп жатканыбызда апам дагы бир жолу – «Ар нерсени эсептеп , илине бербей драп пальто алып кие бергиле (атамды сиз да, сен да дей албай сыпайы гана «силер» деп кайрылат эле). Өзүңөр тапкан акча, өзүңөрдөн аяй бербегиле, кийинбей-ичинбей деле ашынып-ташынып кетпедик го. Авам айтмакчы «мындан жаман күндөрдө да тойго барганбыз» (кайсы авасы, качан, не себептен айтканын билбейм) бирок, кээде намыс үчүн, элден кем болбойлу деген учурларда айтыла калчу атам менен апамдын мага түшүнүксүз, бирок, жат болуп калган сөзүн кошуп койду .
Ошондо, не карапайым колхозчу күйөөсүнүн көнүлүн көтөргүсү келдиби, не ар дайымдан бир калыпта, ашыкча сүйлөбөй да, ашыкча күлбөй да өмүр сүрүп келе жаткан «дүңкүйгөн, чулу кара чалын ошол “абийирдүү» пальтону кийгизип кубанткысы келдиби, не кыялында ошол пальтону кийсе мүнөзү да, тээ төрөлгөндөнбү же кийинчирээк калыптанып калган түнттүгү жазылып кескин өзгөрүп кетсе деген үмүтүбү, не намыскөй апам жанында жарашыктуу пальточон эркек көргүсү келдиби, не силер анча теңиңерге албаган менин чалым да керек болсо ушундай эле келбеттүү деп мактангысы келдиби, не бир жерде дагы бир алдына чыгаргысы келбеген атаандаштары намысына тийгенби, иши кылса торпоктун акчасына пальто алганы жөнөдүк. Торпок сатылып пальто базарга келдик.
Биз ала турган драп пальтону мен билгенден конторада иштеген чоңдор гана анан айылда саналуу тың жашагандар гана кийишчү эле. Оо, союздун ал пальтолору чындап эле менин көзүмө кийген адамдын келбетин өзгөртө коёт эле. Апамдын ушул сөздөрүнөн кийин мен да жупуну жүргөн, бирок, ааламда жок кубаттуу, мээнеткеч, дал силердин өз атаңардай келишимдүү атамды «ошол кишилердей» элестетип алганым бар.
Мына пальто базар. Биз келээрибиз менен атам экөөбүз кенен тегерене турган орун бошотушуп, үстүлөрүнө 3-4 кабат пальто жамынган өзбек катындар ороп калышты.
– Тага, кандайынан аласыз, кааласаңыз бул түс, кааласаңыз мындайы деп боз, күрөң, кара, кара көк түстөгү пальтолорду көрсөтө башташты. Атам да шашпай бир экөөнүн үстүндөгү пальтолорду кармалап анан мен элес-теткен кара боз пальтону кармап, ушуну көрөйүнчү, баасы канча? – деди. Айтылган баасын торпоктун сатылган акчасындай айтып, мени таң калтырганы менен атам анчалык эле маани бербегенинен өзү чамалаган эле баа окшойт деп койдум. Түсү, өлчөмү чак келип, денесине жабышкыча улам башкасын көрүп жатып, анан ушул кийгенин ылайык көргөндөй мен бир нерсени билип, чече тургандай «кандай экен, балам? – деди. Атама куп жарашты, мен элестеткен «чоңдордой” болбосо да, атамды бир топ сымбаттуу, келбеттүү кыла койду. Сатуучу аялдар, мени чочутуп атамды четирээкке жетелеп, келиң мынабу айнектен өзүңүз да көрүңүз деп, атайын көтөрүп жүрүшкөн чоң күзгүсүн алып келишти. Базар ошол жерден башталды, тегеректеп айтканда саткан торпоктун акчасынан 50 сом ашса ашчудай. 6-7 пальто кийип көрдү. Барган сайын атамдын базарга киргендеги дымагы, маанайы өзгөрө баштагандай сезилди. Атам бир жылдык мээнетти, кирешени өзүнө ыраа көрө албай жатты окшойт. Азыркы акылым менен ойлосом, үйдөгү баарыбызды апамды баш кылып, бир сыйра көз алдынан өткөрүп көкүрөгүндөгү, акылындагы өзү элестетип, чамалаган жашоосу, биздин турган турпатыбыз, кийимдерибиз, буюмдарыбыз кайра баштан көз алдына тартыла баштады окшойт да… Мен тарапты бир карап «балам, мындай пальтону да бир көрбөйлүбү” – деп анын жарым акчасынан да арзан пальтону кармалады. Алчы-таасын жеген сатармандар, “ээ тага бул каякта дагы, бул каякта, мындай пальтону «байбатчалар» киет – дешип, атамдын же намысына тийип же басынтып айткандай, ылаажы болсо кайтпаң деп апамдын сөзүн эстетип да өтүштү. Арзан пальтонун карасынан бирди кийип көрдү, менин көзүмө айырмасы аздай эле сезилди, аркы кымбат пальтодон жумшактыгы, анан бычымындагы анча-мынча боштуктар эле болбосо…
– Ата, ушунун боз түстөгүсүн көрбөйсүзбү – дедим.
– Э балам, боз түстөгүсү ана сенин колуңдагы да, быйыл 3 жыл кийилип жатат деп, жакасы менен чөнтөктөрү жылтырап түктөрү түшүп, желкелери мүрүсүнөн түшүп, этектери да бири ичине, бири сыртына кайрылган жедеп бычымын жоготуп атамды жупуну көрсөткөн пальтону айтты. Бирок, менин көзүмө үстүндөгү жаңы пальто башкача, жарашыктуураак көрүнүп турду. Атамдын эсебин чамалаган деле жокмун, бирок, жаңысында жакшына эле экен деп койдум. Атам да ошол сөз жетпей жаткандай, сатуучулар буюмун эптеп өткөргөнгө кызыкдар да деп алардын сөздөрүнө маани бербей, өз максатынан да, апам экөөнүн келишиминен да кайтып, бирок, үйгө барганда айтчу сөзүн даярдап жаткандай, ойлуу гана «ээ ушунча акчага алган менен бир жылда (үч ай кышта) көп болсо 3-4 жолу кийилет экен, анан анчалык эле кемпири элестеткендей кадырын, баркын деле көтөрбөчүдөй. Башкалар үчүн дээрлик мааниси жоктой да деген чечимге келди. «2 жыл кийсек анан дагы кудай бир шыбагасын буюруп тургандыр аа, балам” – деп ошол пальтону оротуп алды. Эски пальтосун кийип чайканага жөнөдүк.
Ошондо эки пальтонун айырмасын жарашыгын, салабаттуу бычымын, атамдын акылы, каалоосу эмес жедеп кара жумушка бышып, катып калган денеси да сезип жактырып турса да бизге илинип баш тартканыңды азыр түшүнүп отурам атаке…
Үйгө келдик, торпок сатып базардан чоң эле базарлык менен келдик окшойт.
– Ыы, атаң экөөң Ошту көчүрүп келдиңерби анан – деп үйдө калган «майдаларга» базарлыктан бергенче.
– Кана, пальтону көрсөткүлөчү – деди. Атам анчалык көңүлдөнбөй:
– Берки пальтодон эле алдым. Драбың кымбат, анча акчаны ысырап кылгым келбеди – деди, өз чечимине өзү да бир аз кейип калгандай үн менен. Апам: – аа мен билгенмин, пейилиңерди билем го, ботом өзүнүн тапканын өзүнөн аяган, өзүнүн боюн өзү пас кылган, өзүн өзү сылап – сыйпабаган ушу силерди көрдүм, элди деле карасаңар болбойбу. Ушу балдарга болсун, ал кем, бул кем, аны алалы, буну алалы, ушулар ичсин, ушулар кийсин, ушулар тойсун, ушуларга болсун деп ушу жашка келдик го ботом. Саарлап, «быякка илинбегиле, өзүңөрдөн аянбагыла» деп айтпасам экен аа, – деп өзүн чала күнөөкөр сезип отурган чалына нааразы болуп койду. Ичинде бир короо сөздөр турса да: Байкуш табиятынан баласаак, өзү ата-эне мээримине тойбой калган, ата-энесинен көрбөй калган камкордукту балдарыма колдон келишинче көрсөтсөм деген пенде экенин анын бир четин угузсаң көңүлүнө катуу тиерин сезип апам сөзүн токтотту. Кандайдыр бир орто толбогон нааразы болуп, жаңжал сала турган да, бирок, колдоп макул боло турган да иш эмес, каалоо бар, бирок, шартка жараша түшүнүп колдосо да боло турган абал. Бул бири-биринин сый урматын ордуна коюп, эркек-аялдык вазыйпаларын так аткарышкан, бири-бирин аяп, колдоп, жөлөп-таяп, толуктап турган, бирок, ошол сезимдерди бир да жолу кыйытып да айтышпай, бири-бирине жеткиришкен эрди-катындын салмактуу мамилеси ээлеп турду. Аялдын мындан аркы сөзү ашыкча, оор болоорун, ичинен күйөөсүн түшүнүп, аяп жаткандыгын экөө тең сезди. Кийип көрчү, көрөлү деген сөз айтылбай, эң башкы базарлык арзан пальто өз маанисин жоготту. Атам бата кылып туруп кетти…
Апам мени карап:
– Тур, каналдын өйүзүндөгү пахтадан торпокко чырмоок жулуп кел. Сен деле айтсаң болмок: – «Ата, наркы пальтону ал» деп, ушуну сезип ээрчип алайын деп атаңдан корунуп калбадымбы деп дасторконду жыйнай баштады. Мен да өзүмдү күнөөкөр сезип, шылкыйып быйылкы торпокко чырмоок жулуп келгени жөнөдүм…
Шашпагыла, бул торпокту атаң экөөнө карматпаймын, өзүм кошо барып, жетилсе-жетилбесе саратанда пальто арзандаганда сатып, жетпесе тоокторумун акчасынан кошуп болсо да ошол пальтодон кийгиземин деп атамын намысына да тийип, үмүтүн да жандырып, анан элден кем болбойбуз деген максатын турмушка ашырганга бел байлап тирилигин баштады…
Абдимуталип КОЧКОРБАЕВ,
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты

