whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
07.12.2025
6.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаданият жана адабиятАдабиятКара шумкардын каталыгы, Жеңижок таануучулардын чалалыгы эмнеде?

Кара шумкардын каталыгы, Жеңижок таануучулардын чалалыгы эмнеде?

Эсенаман менен Жеңижоктун айтышынын айланасындагы талаш Чубактын кунундай чубалган чырга айлана турган болду. Мунун баары Жеңижок таануучулар эки залкардын айтышынын 1969-жылы адабиятчы Шаршенбек Үмөталиев тарабынан тапшырылган вариантын гана таанып, айтыштын бизге келип жеткен башка варианттарын тааныгысы келбегенинен жана ал варианттар менен тааныш болбогондуктан келип чыгып отурат.

Адабият тарыхы – адам баласынын ажырагыс бир бөлүгү экенин эске алсак, ага кыянаттык жасоого болбойт. Демек, Жеңижок таануучулар каалайбы же жокпу, Эсенаман менен Жеңижоктун айтышынын башка вариант-
тарын да таануусу зарыл. Ошону менен, ал тексттерге текстологиялык жана идеялык-тематикалык талдоо жасалып, айтыштын кайсы варианты түп нускага жакын экени аныкталууга жана ошол окурмандарга сунуш кылынууга тийиш.

Эсенаман менен Жеңижоктун айтышы 1945-жылдан баштап жазылып алына баштаган. Айтыштын алгачкы вариантын 1945-жылы Токтонаалы Шабданбаев тапшырган делет. Кол жазмалар фондунда бул кол жазма инв.№332 номери менен көрсөтүлгөн, бирок биз Кол жазмалар фондусунан Шабданбаевдин вариантын таба алган жокпуз. Демек, бул вариант тууралуу эч нерсе айта албайбыз. Экинчиси, кара жаак ырчы Калык Акыевдин 1946-жылдын 18-майында өз колу менен жазып калтырган кол жазма (Борбордун кору, инв. №182 (393)).

Мындан кийин да эки залкардын айтышы – 1966-жылы Калинин районунан (фонд.инв.№5173, №4-дептер), 1969-жылы Чүй, Кемин райондорунан (фонд. инв.№5193) жазылып алынат. Фондудагы эң кийинки вариант 1973-жылы 3-мартта тапшырылган — Токтогулов Аманбектики. Бул кол жазманы анын бир тууган иниси Кыргыз радиосунун музредакциясынын редактору Токтогулов Касымбек сунуштаган экен.

Ал эми Эсенаман менен Жеңижоктун айтышы катары Жеңижоктун китептерине чыгып, интернет аркылуу таралып жүргөн элге кеңири белгилүү текстти адабиятчы Шаршенбек Үмөталиев 1969-жылдын 4-октябрында Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын Тил жана Адабият институтунун Кол жазмалар жана публикация секторуна тапшырганы белгилүү.

Токтоналы Шабданбаев, Калык Акиевдердин айтышынан 23-24 жыл кийин гана фондуга келип түшкөн айтыштын бул варианты кандайча жазылып алынганына берген түшүндүрмөсүндө Ш.Үмөталиев: “Эсенаман-Жеңижоктун айтышын” мен ар түрлүү адамдардан жыйнап алып, алардын бардыгын бириктирдим. Ырдагы ойдун логикасын жана мазмунун, сюжетин бузбай берүүгө аракеттендим” деп жазат.

Минтип айтыш көп варианттуулукка ээ болгон соң, бул варианттардын кайсынысын оригинал деп таанууга болот же кайсы вариантты түп нускага жакын деп кабыл алышыбыз керек деген суроо өзүнөн өзү келип чыгат.

Кыргызга орусча айтпасаң ишенбейт дегендей, текстология илиминде текстке берген түшүндүрмөдө: “В текстологии первым текстом считается тот, который написан автором изначально, то есть оригинал или автограф, если он сохранился. Если автограф не сохранился, то первым текстом считается наиболее ранний сохранившийся экземпляр произведения, например, наиболее старая рукопись или первый печатный текст” деген аныктама бар. Демек, азырынча Калык Акиевдин жазып тапшырган текстти – айтыштын “түп нускасына” жакын деп карасак болот. Демек, адабиятчы Ш.Үмөталиев тарабынан тапшырылган айтыштын текстин түп нуска катары кароого, демек ошол бир вариант аркылуу гана айтышка баа берүүгө жатпайт.

Анүстүнө, УИАнын Кол жазмалар фондусундагы айтыштын бардык варианттарын салыштыра келгенде, Ш.Үмөталиев тапшырган варианттан башкасында Жеңижоктун Эсенаманга карата ырдаган ырында диний мотив күчтүү. Текстология илими боюнча түп нуска катары тааныла турган Эсенаман менен Жеңижоктун айтышынын Калык Акиев тапшырган вариантынан окуп көрөлү:

Он сегиз миң ааламды,
Жаратыпсың бир алла.
Ата-энеден миң урук,
Таратыпсың бир алла.
Бу заманды залимге,
Каратыпсың бир алла.
Эсекемди дининен,
Жадатыпсың бир алла.
Каз-өрдөктү, кууларды,
Көлдө кылдың бир алла.
Курт-кумурска, беранда
Чөлдө кылдың бир алла.
Өлүмгө ак жаратып,
Пенде кылдың бир алла.
Өлгөндөрдү дайынсыз,
Жерде кылдың бир алла.
Мусулманга бир айым,
Келме кылдың бир алла.
Күндүздө күн, түн жарык,
Ай жараттың бир алла.
Момундарга бейишти.
Жай жараттың бир алла.
Он сегиз миң ааламды,
Сен жараттың бир алла.
Мусулманга Мухаммед,
Дин жараттың бир алла.
Тынччылыкка уйкуга,
Түн жараттың бир алла.
Он сегиз миң ай-аалам,
Зат жараттың бир алла.
Ар кимисине ар башка,
Ат жараттың бир алла.
Жылдыз чеге ай менен,
Күн жараттың бир алла.
Сегиз бейиш нур менен,
Кул жараттың бир алла.
Заман бузук, падышаны,
Залим кылдың бир алла.
Бардык затты өзүңө ,
Багындырдың бир алла.
Жети кабат тозокту,
Чок жараттың бир алла.
Ичи толо бөй-чаян,
Бок жараттың бир алла.
Ар жанга ажал өлүмдү,
Ок жараттың бир алла.

Жеңижок мына ушинтип дүйнөнүн жаралышын дин менен түшүндүрүп келип, андан ары:

Билбептирсиң Эсеке,
Он сегиз миң ааламды.
Казак Майкөт пирим деп,
Кудайдан бурдуң санааңды.
Ылгабапсың башынан,
Адал менен арамды.
Он сегиз миң ааламды,
Билбептирсиң Эсеке.
Ак шарыят исламга,
Кирбептирсиң, Эсеке.
Казак Майкөт пирим деп,
Жиндептирсиң, Эсеке.
Жаагыңда сакал жок,
Такыр болгон экенсиң.
Жаратканды унутуп,
Капыр болгон экенсиң.
Жанагы сөзүң барында,
Жааннамга түшөр бекенсиң?
Ээгиңде сакал жок,
Такыр болгон экенсиң.
Эки дүйнөнү унутуп,
Капыр болгон экенсиң.
Бейиштен качып тозокко,
Кирмек болгон экенсиң.
Периштени унутуп,

Жүрмөк болгон экенсиң, – деп Эсенаманды дин жолуна кирбепсиң деп айыптайт. Биз андан ары айтыштын текстине сүңгүп кирип, аны талдап, эки акындын бирин мактап, бирин жактап отургубуз келбейт.

Болгону бардык варианттарда диний мотив басымдуу экенин, бир гана Ш.Үмөталиев “ар түрлүү адамдардан жыйнап алып, алардын бардыгын бириктирип, ырдагы ойдун логикасын жана мазмунун, сюжетин бузбай берүүгө аракеттенип” жатканда Жеңижоктогу диний мотивди тап душмандай жок кылып, динчил акынды материалист акын кылып салганын, социалисттик идеологияга тууралап койгонун белгилеп койгубуз келет. Муну ал албетте жаман ниеттен улам эмес, жакшы ниет менен, Жеңижокту элге кайтарып келүү үчүн жасаган, муну туура түшүнөбүз.

Натыйжада, Жеңижокту эли-жериңе кайтып кел деп ырдаган Эсенаман уруу-чулук көз караштан чыга албаган, көз карашы, жан дүйнөсү тар адам катары көрүнүп, эки акындын айтышына талдоо жасаган адабиятчылар Эсенаманга асылганда дал ушуну бута катары кармашып жатпайбы. Натыйжада, адабиятчы Ш.Үмөталиев билип-билбей Эсенаман алдында чоң күнөө жасаган. Залкар акын бир жүргөн бечара акын болуп калган. Биз чыркырап айтып жаткан нерсе ушул. А айтышта ким жеңген, ким жеңилген, ал анча маанилүү эмес.

Шаршенбек Үмөталиев кыргыз адабиятына болуп көрбөгөндөй салым кошкон көрүнүктүү адабиятчы. Башкалар Алыкул Осмоновду жерип жатканда, аны таланттуу акын катары тааныган Ш.Үмөталиев болгон. Советтик идеология окуп, изилдөөгө тыюу салган Молдо Кылычтын чыгармаларын Шаршенбек Үмөталиев иликтөөгө алган. Аалы Токомбаев аны мына ошондой көзү жок эрдиги үчүн “кара шумкар” атаган.

Арийне, адабиятчы Ш.Үмөталиев эки залкардын айтышын социдеологияга
тууралап койгону эле болбосо, “Жеңижок динчил акын болгонун жокко чыгарууга болбойт” деп ачык эле жазган.

Жеңижок таануучулардын жаңы муу-нунун каталыгы эки залкардын айтышынын мына ошол Ш.Үмөталиев тарабынан бурмаланган, оңдолгон текстинин тегерегинде сөз кылып жатат.

Калык Акиев менен Шаршенбек Үмөталиевдеги Жеңижок эки башка адам, эки башка акын. Акындар поэзиясынын тарыхында чаташ нерселер көп, абайлабаган адам чок кармап алышы мүмкүн.

Илимдин докторлору жана Кыргыз эл жазуучулары өздөрүн жана илимди сыйлаган болсо, анда, Эсенаман менен Жеңижоктун айтышынын УИАнын Кол жазмалар фондусундагы бардык вариантын окуп чыгып, оболу ошол тексттердин кайсынысы “түп нускага” жакын экенин экенин “далилдеп”, анан гана эки акындын кимисине артыкчылык берсе болорун сөз кылса жаңылышпас эле.

Болбосо, бурмаланган тексттер, бурмаланган ысымдар ар дайым күдүк ойлорду пайда кылып, бизди тарыхый чындыктан, тарыхый принциптүүлүктөн ошончо алыстата берет.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар