Башкы беткеРубрикаларДен соолукДССУ зыяндуу азык-түлүктөрдүн салыктарын көтөрүүгө чакырды

ДССУ зыяндуу азык-түлүктөрдүн салыктарын көтөрүүгө чакырды

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) өлкөлөрдү тамеки, алкоголь жана кант кошулган суусундуктарга болгон салыктарды кеминде 50%га чейин жогорулатууга чакырды. Бул маалымат уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

Аталган чаралар аркылуу дүйнө жүзү боюнча 50 миллионго чейин адамдын өмүрүн сактап калууга жана саламаттык сактоо тармагына кошумча каржы тартууга болору белгиленген.

Ошондой эле ДССУнун бул демилгеси — саламаттык сактоо системаларында ресурстардын жетишсиздигине жооп катары сунушталган чара.

ДССУнун маалыматына ылайык, мындай азыктар жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, диабет сыяктуу өнөкөт оорулардын негизги себептеринин бири.

Демилгенин алкагында он жыл ичинде дүйнө жүзү боюнча 1 трлн долларга чейин салык чогултуу максаты коюлган.

ДССУ өлкөлөрдү, жарандык коомду жана өнөктөш уюмдарды бул аракетке кошулууга чакырып, зыянын тийгизген өндүрүштөргө берилген жеңилдиктерди алып салууну сунуштады.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар